Menu

Калааны каптаган “кара түтүн” же өлүмтүк тарткан жетекчилер

Бөлүшүү:

“Жараткандын жердеги дачасы Кыргызстан” деп мактанып, “Бишкекти эң жашыл, жаратылышы кооз борбор” деп келе жатканыбызга көп эле болду. Чындап эле Кыргызстан, анын ичинде Бишкек бак-шактарга бай, абасы таза өлкө экени жалган деле эмес болчу. Акыркы кездерде, калаадагы бак дарактарды эсепсиз кыюлардан уламбы, же унаалардын көбөйгөнүнөнбү, айтор кара түтүн каптаган, эң кир калаалардын катарына кошула баштады. Жакында эле “AirVisual” деген аталыштагы дүйнө экологиясына көз салып турган сайты, Бишкек шаарын дүйнөдөгү эң булганыч борборлордун катарына киргенин жазып чыкты. Анда айтылгандай, Бишкек экологиясы булганыч борборлордун 410-сабына илинген. Буга албетте, акыркы кездерде өзүбүз да күбө болуп, коомчулукта калааны каптаган кара газ түтүндө чулганып калганына ортоктош болду.

Өндүрүштүк ири ишканалары жокко эсе, жаратылыш койнундагы Кыргызстандын борбору Бишкек абасы таза эмес шаарлардын катарын толуктап жатканы өкүнүчтүү эле. Экологдор ага биринчи кезекте көп сандагы эски машиналар таасир этип жатат дешет. Абадагы зыяндуу заттар дем алуу органдарды жабыркатып, түрдүү илдеттерге алып келээри турган иш. Шаарды булгаган заттардын 90 пайызы автоунаалардан чыгат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги билдирет. Жыл сайын борбор шаардын абасына 240 тонна зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат экен. Агенттик шаарда маршруттук таксилердин санын азайтып, газ менен жүрүүчү чоң көлөмдөгү автобустарды жана электр энергиясы менен жүргөн троллейбустарды көбөйтүү зарылчылыгын белгилейт.

Мындай көрүнүштөр быйыл эле болуп жаткан жок. Өткөн жылы да шаарды кара түтүп каптап, ал Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, ал турсун депутат акын Чыныбай Турсунбеков ыр окуп жибергени эсибизде. Андан бери тиешелүү мекемелер кандай чараларды көргөнү деле маалым эмес. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекетгак инспекциянын экологиялык коопсуздук башкармалыгынын бөлүм башчысы Расул Жусупов маалымат булактарына берген маегинде бүгүнкү абал боюнча мындай дейт:

-Ооба, былтыр абаны булгаган аракеттерге барган тараптарга карата мыйзамдык-ченемдик актылардын негизинде бир топ чара көрүлгөн. Анын ичинде мончосуна автоунаалардын дөңгөлөктөрүн жаккандарга, автоунаасынан түтүн чыккандарга жана өндүрүшүнөн зыяндуу заттар чыгарган ишканаларга эскертүү берилген. Биздин инспекция текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде ишканаларды шаардын сыртына чыгаруу боюнча сунуштарды берип жатабыз. Жүк ташуучу машинелер шаарга кирбей, айланып өтүүчү жол менен жүрсүн деп сунуш киргизип жатабыз. Бирок, баарын аткартууга инспекциянын укугу жок – дейт.

Абалга жараша аракеттер болуп жатса, анда эмнеге быйыл дагы түтүндүн курчоосунда калгандыгыбыз табышмак. Миллиондогон акчаларды Кыргызстандын экологиясын сакташ үчүн ири донорлор,
компаниялар которууда, бирок майнап чыкпай келет. Буга чейин Кумтөрдөн 57 млн. доллар экологияны сактоо үчүн бөлүнгөнү маалым болду. Жыйынтыгы эмне болду?

Жогорудагы экологдун айтканы боюнча, кара түтүн себептеринин бири Бишкек шаарындагы өрттөлүп, күйүп бүтпөй жаткан таштанды полигондорунда экен. Тапкан экен себепти. Уят эле иш.

Ал эми Бишкекгин башчылыгы кандай аракеттерди көрүүдө? Алар азырынча эскертип, элдин саламаттыгы үчүн күйүмүш болуп, түтүндөн сактануу үчүн шаардыктарды алдын ала маска кийүүгө чакырганга гана жарады. Суук мезгил орун алгандыгына байланыштуу шаар тургундары үйүнө от жагып, мончолорго таштанды, желимдерди жагышат. Мындан улам абанын булганышы көрсөтүлгөн нормадан бир топ жогору болорун маалымат кызматы аркылуу билдирип тим болду.

Айтылгандай мэрия, шаар тургундарына көчөгө чыкканда медициналык маска тагынууга, үйдүн терезелерин көп ачпоого, мүмкүн болсо үйдүн ичиндеги абаны фильтрлөөчү каражатты орнотууга чакырышты. Мына, биздин жетекчиликгин экологияга, таза абага, адамдардын саламаттыгына карата болгон аракети.

Бул учурда социалдык баракчалар аркылуу өлкөнүн жарандары шаар ичин каптаган кара түүтүн үчүн, карууларын казык, жандарын азык кылып жанталашып, тиешелүү бийликтен буга карата чара көрүүсүн өтүнүп жатышты. Коомдук ишмерлер, журналисттер, активисттер тыным алган жок. Алардын пикирлерин да бере кетели.

Кубат Болотканов:

-Бир кездеги жашыл борборубуз эми минтип абанын булганганы боюнча дүйнөлүк биринчиликке чыгып олтурат. Абанын булганычы нормадан 11 эсе (!) жогору экендиги айтылды. Ушу баштан кандайдыр бир аракеттер көрүлбөсө, өтө өкүнүчтүү кесепеттерге кабыларыбыз белгилүү болуп калды. Кыш болсо эми гана келди… Алдыда дагы 4 айдан ашуун от жагуу мезгили турат.

Самсаалы Четинбаев:

– Канчалаган элдер (улуттар) өз жерине ээ болуп, өз өлкөсүн кура албай жүрүшөт. А биз болсо бар өлкөбүздүн, бар жерибиздин кадырын билбей, барктабай келебиз. Өтө өкүнүчтүу. Өз алдынча мамлекет болуп эч нерсени кыйратпадык. Алтыныбызды тонотуп, элибизди тентитип, эми минтип жүзүбүз болгон борбор шаарыбызды ышка каптатып олтурабыз. Ызадан ыйлагың келет…

Биз кимбиз өзү?!

Ким элек, ким болдук?

Азамат Кыязов:

-Тээтиги кара ыштын алдында канча адам тумчугуп жатат, ден соолугунан кол жууп… Мындай кырдаалда акыл-эстүү өлкөлөр карантин жарыялап, шаар элине компенсация төлөсө керек эле, а биздин өкмөт түтүн кайсы түтүктөн чыгып атканын деле так айта албайт. Мэрдин мээси «маскадан» башкага жетпейт экен. Троллейбустан башка моторлордун баарын өчүрүп салган чакта да, бул ыштан кутулбайбыз. Маселе, ТЭЦте, туура эмес иштеп жатат же жаңы салынган мору жапыз, же фильтр чыпкалабайт, же көмүр сапатсыз, же жалаң мазут урдуруп жатышат. Самсаалы досум айткандай, ызага муунуп, ышка уугуп отурат копчулук азыр. Балдарга убал болду, кайсы арыбызга «биз борбордо жашайбыз, бишкектикпиз, билимдүүбүз» деп айтабыз? Бири-бирибизди каргап-шилеп отуруп, жетээр жерибизге жеттик окшойбуз. Мына азыр «кара баскан» калаадан кантип алыс жашасам деген ойго уйкумду жулдуруп, ушул сүрөттүн убайын тартып отурам.

Кубан Атабеков:

-Коомдук саясий түзүлүш улуттун жүзүн эле эмес, өлкөнүн түсүн дагы аныктап койот окшобойбу.

Баймырза Накай

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: