Menu

Таалайкүл Токтакунова, адвокат: «Курсан Асановдун аялын суракка алуу – бул аны кысымга алуу деп эсептейм»

Бөлүшүү:

ИИМ жетекчисинин мурунку орун басары Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова күбө макамын алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда Курсан Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Күлнара Үсөнканова Аскердик прокуратурадан сурак берген, бирок, ал жолдошунун иши боюнча күбө катары өткөн жок. Азырынча кайсыл кылмыш иш боюнча өтүп жатканы белгисиз. Тергөөнүн суроолоруна караганда, анын ишкерлигине байланыштуу болгон. Маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн кол коюп берген.

Мындай мамилени адвокат Т.Токтакунова Курсан Асановду кысымга алуу аракети деп эсептейт.

Эске сала кетсек, Курсан Асанов 13-августта “милиция кызыкчылыгын сатты жана ишенимден кетти” деген негиз менен кызматынан алынган. Ал 8-августта өз ыктыяры менен колго түшүп берүү жөнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Кийин дал ушул сүйлөшүүлөр үчүн кызматтан алынганы билинген. “Асанов жеке пиары үчүн ИИМ министри Кашкар Жунушалиев менен Атамбаевдин сүйлөшүүсүнө кийлигише калганы үчүн” кызматтан алынганы айтылган.

14-августта ага карата “ээлеген кызматынан кыянатык менен пайдаланган” деген кылмыш иши козголуп, 27-августта Аскер прокуратурасы шектүү деп таап, Биринчи май райсоту үй камагына олтургузуу чечимин чыгарган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: