Menu

Фото – Замирбек Аскаров «Кызыл Кыргызстан» кинотеатрынын жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды

Бөлүшүү:

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк системасы – бул унутта калган объектилерди кайрадан жандануусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Кызыл Кыргызстан» кинотеатрынын жаңы имаратынын пайдубалына капсула салуу аземинде билдирди.

«Бул мамлекеттик-жеке өнөктөштүк системасы боюнча маданият чөйрөсүндөгү биринчи долбоор. Дал ушул объекттен баштаганыбыз кубанычтуу көрүнүш, анткени союз маалында бул жактан үй-бүлөлөрү менен бош убактыларын жакшы өткөрчү. Биз жаңы кинотеатрдын келечекте дагы көптөгөн көрармандары болоруна ишенебиз.  МЖӨ линиясы боюнча саламаттык сактоо чөйрөсүндө жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлорду толугу менен көрө элексиздер, бул объекттин курулуш ишинин башталышы сөздөн ишке өткөнүбүздү далилдеп турат», – деп белгиледи Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр жалпы суммасы 500 млн АКШ доллары болгон 21ден ашык долбоор учурда макулдашуу баскычында жана алар ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

«Белгилей кетсем, бул объекттердин басымдуу бөлүгү борбор шаарда же өлкөнүн ири шаарларында ишке ашырылат. Биз өлкө боюнча ушул системада долбоорлорду иштетсек деп жатабыз. Кыргыз Республикасынын Президенти эки жыл катары менен Аймактарды өнүктүрүүнүн жылы деп жарыялаганы бекеринен эмес. Эскерте кетсем, тарыхыбызда биринчи жолу чакан жана орто бизнести колдоого 2 млрд сом бөлүндү. Аймактарда ишкерлерди колдоо борборлору түзүлдү. Бул бизнес үчүн түзүлгөн шарттардын аз гана бөлүгү. МЖӨ системасы боюнча бизнеске иш жүргүзүү кыйла жеңил болот», – деп ишендирди ал.

Маалымдама: Бүгүнкү күнү үч ведомство мамлекеттик-жеке өнөктөштүк системасынын негизинде иштеп жатат. Ош, Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматтарын көрсөтүү боюнча долбоор ишке киргизилди. «Кызыл Кыргызстан» кинотеатр кайра курулуп, Бишкек шаарында коомдук унааларда электрондук билет берүү долбоору киргизилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: