Menu

Видео – Аида Касымалиева: “Жакында Россияга барып келдим, ал жерде өзбек жарандарына кыргыз паспорттору ачык эле сатылып жатканына өзүм күбө болдум”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы маалымдайт.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекованын айтымында, мыйзам долбоору 2018-жылдын 30-майындагы Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечимдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. «Конституциялык палатанын белгиленген чечими менен «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын 46-беренесинин 8-пункту КР Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 25-беренесинин 2-бөлүгүнө каршы келет деп табылган», – деди ал.

Тагыраак айтканда, «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын 46-беренесинин 8-пункту эгерде арыз ээсине карата сотко жарандык доомат коюлса, иш боюнча териштирүү аяктамайынча кыргыз жаранынын Кыргызстандан тышкары чыгуусунан убактылуу баш тартылат деп белгилейт. Мындай чектөөнү киргизүү негиздүү эмес жана жарандын субъективдүү укуктарын чектөөнүн себеби боло албайт. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечиминде «КР Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык» деп көрсөтүлгөн.

Ошондон улам, Конституциялык палатанын мындай чечимин ишке ашыруу максатында мыйзам долбоору менен «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын 46-статьясынын 1-бөлүгүнүн 8-пунктун күчүн жоготту деп таанылууда.

Депутат Төрөбай Зулпукаров «мыйзамдын баланча беренеси күчүн жоготту» дегенди эле эмес, аны менен кошо дагы бир катар өзгөртүүлөр менен толуктоолорду биротоло алып келиши керек экенин Юстиция министрлигинин эсине салды. «Биз бул мыйзамга бир катар өтө зарыл өзгөртүүлөрдү сунуштаганбыз, мыйзамга кайра-кайра кайрылып отурбай, ошолорду кошо ала келсеңер болмок», – деп клшумчалады ал.

Депутат Аида Касымалиева жакында Россияга барганын, ал жерде өзбек жарандарына кыргыз паспорттору ачык эле сатылып жатканына өзү күбө болгонун айтты. «Текшерип көрдүк, алар жасалма эмес, эмнегедир көбү Сузак районунан берилген паспорттор болуп чыгууда. Буга бөгөт коюп, тийиштүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин караш керек», – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: