Menu

Жамила Насирова, журналист: “Роза Исаковна, 2010-жылы сизге бийлик алып берген айылдыктар эми “мырк” болуп калыштыбы?”

Бөлүшүү:

Роза Исаковна, сизге 10-жылы бийлик алып бергенде, шаардык “золотая молодежь” эмей эле, шейит кеткен 90 жигиттин 80% айылдан келген жаштар болчу.

Эң көбү Нарын, андан соң Талас, Ош облусунан экен…Бийлик алып бергенде, силерге коренной шаардыктар эмес, элеттин ак жүрөк, оюнда арамдыгы жок, айылдыктар керек да, энеден туума жылаңач катындарды музейге алып чыкканда ошону бетиңерге айткан карапайым “сельскийлер” эми “мырк” болуп калдыбы?Логикаңызга ылайым эле жара чыксын.

Батышта, тактап айтканда АКШда бейөкмөтчүл уюмдар, саясатка аралашып, Трамптын башына чай кайнатпайт экен, мен муну 2007-жылы ошол жакка барганда бейөкмөтчүнүн өзүнөн уккам.Алар пулдуу бизнесмен менен иши жүрүшкөн ишкерлерге кайрылып, проект жазып, социалдык багыттагы аёолуу катмар менен иштешебиз деди.

Мына быйыл март айында Францияда 3 ай бою, жакында Гонконгдо жарым млн эл көчөгө чыкты, албетте мен алардын талаптарын туура түшүнөм, жыргаганынан чыккан жок.Бирок ошо чыккандардын 70% шаардык тургундар экен.Мамлекеттик көптөгөн ишкана, мекемелер талкаланды, өрттөлдү, сындырылды.Мына цивилдүү мамлекеттеги “городскойлордун” кылган кылыгы.Көйгөйдү түрсүк же энеден туума жылаңач көчүк менен ассоциациялап бербеш керек, биз өнүкпөй калган Ооганстан же жапайы Африкадагы жунглиден чыккан макоо-пес калк эмеспиз, кыргызга көз жаңсап койсо, с полуслова түшүнгөн нарктуу жан.

Музейдеги чыккан акция ошо шейит кеткен Москвадагы 16 кызга эмей эле, Россиянын саясатына ушул феминнале аркылуу саясий сокку урууну көздөгөндөй таасир калтырды. АКШ деле Ирак, Сирия, Ливиядагы млндогон кан төгүүлөргө себепчи болгон согуштук аракеттерине ушинтип нааразылык билдирип, ошо апаат согушта башы үзүлгөн жаш баланын жан бериши же эненин эмчегине ок тийип, балдары тегеректеп ыйлап отурган кыздын фото,документалдуу же видеосюжеттерин илип койсоңор алда канча таасирдүү болуп, согушууга болгон америкалык истеблишменттин амбициясы өчөт беле, анткени млндогон карапайым баёо эл кырылып кетпедиби…

Жамиля Насирова, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: