Menu

УКМК: «Азаттыктын» журналисттери Али Токтакунов менен Ыдырыс Исаков УКМКга келиши керек

Бөлүшүү:

“Азаттык медиа” журналисттери УКМКга келиши керек. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

КР УКМК тарабынан ведомстволор аралык тергөө тобунун өндүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 39-беренеси жана 130-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун катышуусу менен тергөө аракеттери өткөрүлүүгө тийиш.

Ошону менен бирге, 2-декабрындагы “Азаттык Медиасынан” келген катта, аталган журналисттер чет өлкөдө жүргөндүгүнө байланыштуу скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүү даярдыгы белгиленген. Бирок, Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу, же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 194-беренсине (дистанциялык суракка алуу) дал келбестигин белгилейбиз.

Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 34-36-жана 189-беренелеринин талаптарына ылайык, тергөө органына «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун келип берүүсүн камсыз кылууну сурайбыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: