Menu

Бажы кызматы Кыргызстандан чыгарылган миллиондор боюнча үн катты

Бөлүшүү:

Алар Kloop, «Азаттык» жана OCCRPдын журналисттеринин иликтөөсү боюнча түшүндүрмө беришти.

“ЕАЭБдин бажы кодексинин 260-беренесине ылайык, бажы декларациясына накталай акча каражаттары жана (же) жол чектери кирет, эгерде ал накталай акча каражаттардын жалпы суммасы биримдиктин бажы аймагына бир жолу кире турган болсо, валюта курстарына ылайык 10 миң доллардан ашканда декларацияга толтурулат”, – деп айтылат пресс-релизде.

Ошондой эле ЕАЭБ бажы мыйзамына ылайык, эч кандай бажы төлөмү каралган эмес экенин белгилешкен.

Бажы кызматы өлкөнүн бүджети бажы төлөмдөрүнөн куржалак калганын четке кагат. “Бул чындыкка туура келбейт”, – дейт алар.

“Бул жерде маселенин башка өңүтү таңгалдырат: бажынын мурдагы кызматкери Самат Исабеков бажы кызматында жетиштүү иштегени менен элементардуу нормаларды билбей, коомчулукту адаштырып жатат”, – дейт Бажы кызматы.

Эскерте кетсек, иликтөөдө көрсөтүлгөндөй: ““Негизинен чабармандар жеке жана Кыргызстандагы көптөгөн базарлардагы дүңүнөн саткан соодагерлерди тейлешет. Алар товарларды Түркия менен Кытайдан накталай акчага сатып алышат. Бул кеңири тараган практика Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келет. Бүджет бажы төлөмдөрүнөн куржалак калып, түздөн-түз салык төлөөчүлөргө зыян алып келет, анын үстүнө каражаттардын пайда болушунун мыйзамдуулугун аныктаганга мүмкүнчүлүк бербейт” – деп айтылат.

“Бул жашырылган көмүскө акчалар. Биринчиден, бажы төлөмүнөн жашырылат. Экинчиден, салыктан. Үчүнчүдөн, финчалгындоо кызматынан”, – деп журналисттер “Манас” аэропортунун өздүк коопсуздук кызматынын мурагы башчысы Самат Исабековдун айткандарын келтиришкен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: