Menu

31 миллиард 440 миллион долларлык товарлардын төлөмдөрү кайда кеткен? Же Атамбаев менен К.Кулматовдун белгисиз иштери жөнүндө

Бөлүшүү:

Саймаити айткандарды АША менен К.Кулматов баштаган

2010-жылдын 9-апрелинде же элдик төңкөрүш ишке ашкандан эки күндөн кийин Кубанычбек Кулматов Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Андан көп өтпөй А.Бекназаров менен С.Жээнбеков Ош облустук бажы кызматынын башчылыгынан четтеткен Райым Матраимов Бишкекте бир нече күн жүрүп, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмаз Атамбаевге конфиденциалдуу жолугуп, “шапкесин” бергенден кийин Убактылуу Өкмөттүн чечими менен кайра мурдагы кызматына бекитилген. Майлуу жерге өз адамын коюуну көздөгөн Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү ага катуу нааразы болушуп, А.Атамбаев менен урушуп, тилдешип, бири-бирин опузалашкандыгын, “Райым-миллион” ордун сактап калуу үчүн АШАга 400 миң доллар бергендигин 2010-жылдын майында А.Бекназаров менен А.Атамбаевдин телефондогу сүйлөшүүлөрү ачыкка чыкканда билгенбиз. Мурда бири-биринин кандарын жалашып достошкон А.Бекназаров менен А.Атамбаевдин ортосундагы араздашуу ошондо башталган. Кийин АША күч органдарынын айрым кызматкерлерине досу жөнүндө: “ушунун ыгын келтирип көзүн тазалап салбайсыңарбы, Бакиевдерге шылтап коёт элек”-дегендери да ЖМКларга чыккан. Акча деген балакет кыйышпас досторду гана эмес, бир туугандарды да жаңжалдаштырып, элдешкис душман кылып салат турбайбы. Же “Райым-миллион” АША менен анын досу Кубанычбек Кулматовдун калабадан аздектеп сактап калып, колтуктарына салып өстүргөн кадры болуп саналат.

Ушул жылдын 10-ноябрында Стамбулда өлтүрүлгөн Айеркен Саймайитинин Кыргызстандан ар кимдердин ири көлөмдөрдөгү акчаларын мыйзамсыз чыгаруусу, ал эми Кытайлык ишкер Хабибулла Абдыкадырдын коррупциялык схемалардын негизинде ай сайын орто эсеп менен эл кеңири керектөөчү товарлар жүктөлгөн 600-700дөн фураларды жөнөтүп турса, аларды Кыргызстандын Бажы кызматындагылардын транзиттик жүктөр катарында документ түзүшүп, бирок аларды адегенде Кара-Суу базарына түшүрүп, ал жерден Бишкектеги “Дордой” базарына алып келип, анан бул жерден Кыргызстандын өзү өндүргөн товарлары катарында Россиянын ар кайсыл шаарларына жөнөтүп, ай сайын ондогон миллиондогон “жашылбайларды” сол чөнтөктөрүнө солоп туруусу так ушул мезгилге же 2012-2017-жылдарга туура келерин “Азаттыктын” 21-ноябрындагы берүүсүндө өзүн Саймаитимин деп тааныштырган адамдын айтканын бардыгыңыздар уктуңуздар, көрдүңүздөр. Анын айтымында, ал операцияларды ишке ашырып, “крышалап” тургандыгы үчүн “Райым-миллион” ар машинедеги жүк үчүн 4600 доллардан нак алса, иниси Руслан Өзбекстанга жөнөтүлгөндөрүнө “кураторлук” кылчу экен. “Азаттыктын” берүүсүндөгүлөрдүн, Саймайитимин дегендин айткандарынын чын-төгүндөрү укук коргоо органдары тарабынан текшерилип, тескелип, бир жыйынтык чыгарылгыча биздин жогорудагы ири суммадагы коррупциялык схемадан кимдер канчадан пайда көрүшкөндүгү жөнүндө так айтуу кыйын, бирок ал схеманын башында Бажы кызматынын ошол убактагы жетекчиси Кубанычбек Кулматов менен мамлекет башчысы Алмаз Атамбаев тургандыгы эч кимде шек туудурбай калды. Анткени, чек аралардагы посттордо бажы кызматкерлеринен сырткары чек арачылар, айрым атайын кызматтардын өкүлдөрү да турушат, бажыканаларда иштегендер бир нече машинени аларга билдирбей төлөмдөрүн өздөрү алып, өткөрүп жиберүүлөрү мүмкүн, бирок эң жогорку деңгээлде крышаланбаса, Саймайити айткандагыдай кеңири масштабдагы афераны ишке ашырууга таптакыр мүмкүн эмес. Фискалдык органдар бири-бирине шектенүү, кызгануу менен менен мамиле жасашат, бири-бирине айтмакчы болушат, эгерде жогортон алардын баарын бирөө тескеп турбаса, алар “грызня” башташып, андан ары коомчулукка да белгилүү болуп кетмек. Алардын баары эң чоң бийлиги бар бирөөдөн коркуп, кокус кеңири жолго салынган коррупциялык иштерди айтмак түгүл, четин чыгарышса да кызматтары түгүл, баштарынан да айрылып калышы мүмкүн экендигин билгендиктен бири да маалыматтарды сыртка чыгарган эмес.

Биздин оюбузча, Саймаити айткан коррупциялык схема менен 2017-жылы Дача СУда кыйраган контрабандалык жүктүн ортосунда тыгыз байланыш бар, бирок тилекке каршы, аны биздин тийиштүү органдарыбыз дыкат текшербей жатышат. Же ал да анын “Саймайитисинин” өмүрүнө чындап коркунуч туулганда ачыкка чыгабы? Же анын көзүн алда качан эле тазалап коюшту бекен? Андай болушу да ыктымал.

Бажыканаларда эң чоң уурдоо АШАнын тушунда болгон

Биздин алыскы, жакынкы чет өлкөлөр менен болгон соодабыздын эсебинде чейрек кылымдан бери башаламандыктар өкүм сүрүп келе жатат. Маселен, Кытайдын тийиштүү кызматтары Кыргызстанга бир суммадагы товарлар жөнөтүлгөндүгүн билдиришсе, ошол эле убактагы биздин Бажы кызматы, Экономика, Финансы министрликтери, Сатистика комитети таркаткан маалыматтарда ал бир канча эсе аз болуп чыгат. Алсак, Кытайдын Бажы кызматындагылар 2001-2017-жылдардын ичинде Кыргызстанга жалпы көлөмү 62 миллиард 667 миллион долларлык товарлар экспорттолгондугун билдиришсе, ал эми биздин тийиштүү кызматтардын маалыматтарында 11 миллиард 64 миллион долларлык гана болуп чыккан. Калган 49 миллиард 886 миллион долларлык товарлар кайда кеткен?

Кытайдын эсепчилери Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга, Тажикстанга ж.б. өлкөлөргө транзит болуп кеткен товарларын Кыргызстандын эсебине кошушпай тургандыгы айдан ачык. Алар ар мамлекет менен эсеп-кысаптарын, статистикаларын өзүнчө жүргүзүшөт. Биздин чек аралардан өткөндөрдүн бардыгын Кыргызстандыкы дей беришсе, анда Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан менен болгон соода мамилелери “0” болуп калбайбы. Документтерде “транзит” деп турса, аны кайдан бизге кошушсун. Мындай айырмачылыктар Кытай менен Кыргызстандын кирген-чыккан товарларды эсептөөдөгү эки башка сын-ченемдеринен, анан биздин бажы, чек ара кызматтарында коррупциялык көрүнүштөрдүн аябагандай тамырлап, күч алгандыгынан гана келип чыгууда. Анткени, Кытайда Бажы кызматы жүздөгөн жылдар мурда калыптанган, чычкандын да мурдун жакындатпас так сын-ченемдери бар. Ал эми бизде, билгендердин айтымдарында эң баалуу жүктөрдү да салмагына жараша гана баалап, ошого жараша гана бажы төлөмүн алышат. Мында бир чоң таңгак тыбыт жоолуктун төлөм баасы, эки жуп ботинканыкынча гана болуп калат. Төлөмдөрдүн мамлекетке түшүрүлбөгөн бөлүгүнүн көбү нак акча түрүндө таразаларда отургандардын чөнтөктөрүнө кетет. Кытайдын мамлекеттик кызматтарында ири суммада мамлекетти алдагандар менен мышык-чычкан ойношпойт, дароо кармап барып, өлүм жазасына өкүм кылып салышат. Ал эми бизде мамлекетке ири суммада зыян келтиргендер – ири калибрдеги саясатчыга айланып, элге мамлекетти кантип өнүктүрүү, коррупцияга каршы кантип күрөшүү керектиги жөнүндө үйрөткөн дүжүр кеңешчиге айланат.

Эгерде жогорудагы “жоголгон” 49 миллиард 886 миллион долларлык товарларды, Түркия менен соодадагы ушундай эле айырмачылыктарды ажолорго бөлүштүрө келсек, Аскар Акаевдин убагында Кытайдан Кыргызстанга кирген 549 миллион долларлык, Түркиядан өткөн 49 миллион долларлык товарлар бажыканаларды кыйгап өтүп, кай жактарга кеткени белгисиз болуп калыптыр. Экинчи качкын президенттин убагындагы Кытайдан чыккандардын эсеби менен бизге киргендердин ортосундагы айырмачылык 19 миллиард 36 миллион долларды, Түркия менен соодадагы ушундай эле айырмачылыктар 446 миллион долларды, Роза Отунбаеванын бир жылдык “Кедейканшылыгындагы” Кытай менен болгон айырмалар 7 миллиард 416 миллион долларды, Түркия менен болгон айырмалар 297 миллион долларды түзүптүр. Ал эми АШАнын убагында Кытайдан бизге өткөн 22 миллиард 881 миллион долларлык, Түркиядан келген 1 миллиард 46 миллион долларлык товарлардын бажы төлөмдөрү мамлекеттин казынасына түшүрүлгөн эмес. “Кедейканшанын” тушунда АШАнын биринчи орун басар катарында экономикалык, каржылык маселелердин бардыгына кожоюнчулук кылып тургандыгын, “Кедейканша” негизинен ыйлактаган кол койгуч болгондугун эске алсак, АШАнын тушунда жалпы көлөмү 31 миллиард 440 миллион долларлык товарлар бажы төлөмдөрүн кыйгап өтүп кеткендиги анык болот. Албетте, алардын төлөмдөрү Бажыканалардын жетекчилеринин, жогору жактардан аларды “крышалагандардын” чөнтөктөрүнө түшкөн. АШАнын “кудай берди” деген сансыз байлыктарынын сезилерлик бөлүгү мына ушулардын эсебинен жыйналган.

Керт баштары менен жооп берүүлөрү керек

АША К.Кулматов республикалык Бажы кызматын жетектеп турган 2010-2013-жылдарда бажылык төлөмдөрдүн 2,5 эсеге өскөндүгүн көп айтчу, СИЗОдо жатканда деле аларды кайталоодо. Номиналдык жактан ал чын болушу мүмкүн, бирок экс-депутат, азыркы министр Улукбек Кочкоровдун айтымында, 2010-2013-жылдарда бир катар эл кеңири керектөөчү товарларга бажылык төлөмдөр 2-3 эсе жогорулатылгандыктан автоматтык түрдө ошончо өсүш пайда болгон экен. К.Кулматов да башкарууну оптималдаштыруу, кадрларга карата талапты күчөтүп, бир катар схемаларга чек коюу аркылуу АША айткан 2,5 эсеге өз үлүшүн кошушу мүмкүн, ал оозун ачып эле отурган, ал убактагы Бажыканалардагы өсүш бир гана төлөмдөрдүн тарифтеринин жогорулатылышынан улам жаралган деп айтуу да бир жактуулук болмок. Бирок, жогоруда айтылганды эске алганда, системадагы өсүштү негизинен көпчүлүк товарларга карата тарифтердин 2-3 эсе жогорулатылгандыгынан алынгандыгы, анда К.Кулматовдун жекече салымы аз экендиги айкын болот. Эгерде анын жалпы ишмердигин алсак, Кубанычбек Кулматовду ийгиликтүү менеджер, иштин көзүн билген жетекчи деп айтууга болбойт. Алсак, ал 2013-жылдан кийин Бишкек шаарынын мэри, Чүй облусунун губернатору, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси, Улуттук банктын башчысы болуп иштеди. Бирок, ал жерлерде тез эле ишти начарлатып жибергендиктен АША аны канчалык жакшы көрсө да кызматынан алганга аргасыз болгон. Эгерде ал АША айткандай, чын эле мыкты жетекчи болсо, эмнеге ал жогоруда аталган кызматтарда өзүн жакшы жагынан көрсөтө албады?

Республикадагы мыкты кызматтарды чөп башылап келгенден кийин АША 2017-жылы аны кайрадан республикалык Бажы кызматынын жетекчиси кылып дайындаткан. Бажы кызматы эч нерсе өндүрбөйт, кирген чыккандардан төлөмдөрүн алганга жараган эсепчи болсо, кылдырап кирип-чыгып иштемиш болуп жүрө берет. Кокус төлөмдөрдүн тарифтери жогорулатылса, 2010-2013-жылдардагыдай, жыйымдардын көлөмдөрү да артып, аны жетектеп жаткан жакшы иштеп, тоону томкоруп, ойду омкоруп жибергендей иллюзия пайда болот. Айрымдардагы К.Кулматов жөнүндөгү АША айткан иллюзия мына ушундай жагдайдан улам жаралган. Ал өзү көнгөн Бажы кызматына келген менен 2018-жылдын майында Калыс-Ордодогу мектепти курууга сметада көрсөтүлгөндөн эки эсе ашыкча каражат жумшагандыгы, ТВЕАдан бөлүнгөн акчаны максатсыз сарптагандыгы үчүн кызматынан айдалган. Эми АША экөөсү кылтыңдашпастан Бажы системасындагы 2010-1017-жылдарда орун алган коррупциялык схемалар үчүн да керт баштары менен жооп берүүлөрү керек. Анткени, ал схемаларды экөөсү өз колдору менен курушуп, калыптандырышкан. Жалданма ЖМКлар алардын күнөөлөрүн канчалык башкаларга төңкөөгө аракеттенишпесин, тарыхый чындыкты бурмалашса да аны биротоло өзгөртө алышпайт.

Автандил Белеков

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: