Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору Рита Карасартова депутат Евгения Строковага жооп кайтарды.
«Менин аябай капа болгонум – биздин парламентте бир нерсеге баа бергенди, сын айтканды билбеген адамдар отурат. Ал депутат (Евгения Строкова жөнүндө сөз болууда. Рита айым дайыма бирөөнү сөз кылганда же айтканда анын атын атабай, тергеп сүйлөйт – авт.) эмнени талкалаганымды ачык атап, мамлекеттин эмнесин бүлдүрүп жатканымды көрсөтүп берсе жакшы болот эле. Ошентсе да, мен ага жакшы маанай каалайм. Эгер ал өзүн кыргызмын деп сезсе, анда кыргызча сүйлөп, кыргызча ой жүгүртүп, кыргыздын кызыкчылыгын коргой берсин. Депутат телекөрсөтүү аркылуу бетме-бет талкууга чыгам десе мен ага даярмын. Билим берүүнүн ушул тармагын оңдой аларымды иш менен көрсөтөм.
Эске сала кетсек, кечээ, 3-декабрда Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалган. Ал кызматка кандайча, эмне болуп барып калганын бүгүн, 4-декабрда түшүндүргөн. Аны менен катар бүгүн ЖК депутаты Евгения Строкова парламентте Рита Карасартованын кызматка барганына нааразычылыгын билдирип, аны «бүлдүргүч, бузуку» деп атап, буйрукка кол койгон премьер-министр М.Абылгазиевди да сындаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ