Menu

Айбек Калиев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы: “Мамлекеттик телеканалдар бизди болушунча “шыбап” берүүдө, эл ага ишенип алды”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-декабрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланды. Соттук процесс судья Инара Гилязетдинованын жетекчилигинин алдында өтүүдө. Тараптардын жарыш сөзүнө кезек берилди. Кечээ, 3-декабрда экс-премьер-министр Сапар Исаков менен мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев сөз сүйлөгөн. Бүгүн  «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев сүйлөдү.

Анда ал: «Кыргызстан эмки жылдан баштап электр энергиясы боюнча импортко көз каранды болуп калышы ыктымал. Анткени жыл сайын Бишкекте 7-10 миң электр энергиясын колдонуучулар кошулууда. Жабдыктардын эскириши ишти артка тартат. ЖЭБди 240-260 миллион долларга оңдошсо да болмок. ЖЭБ боюнча маалыматты бурмалап берип жатышат. Ал эми мамлекеттик телеканалдар болсо бизди болушунча “шыбап” берүүдө, эл ага ишенип алды. Элди жалган жалаа, калп маалымат менен азыктандыргыдай, биз фашизм маалында жашап жаткан жокпуз да. Биздин конституциялык укугубуз бузулууда. Учурда күбөлөрдү, эксперттерди коркутуу боюнча иштер жүрүп жатат. Биз өзүбүздүн күнөөсүз экенибизди тастыктаганга аргасызбыз. Биз укук коргоо органдарынын мыйзамсыз туткундарына айландык”,-деди А.Калиев.

Кечээ Сапар Исаков: “калп айтып, бизди жаман көрсөтөт деп ойлогон эмесмин”,-деп ыйлап жиберген. Ага чейин ал: “мамлекет үчүн баарыбыз чуркаганбыз, жыйынтыгында, темир тор артында калдык”,-деп кейиген.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Ошондон улам, териштирүү болуп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени ачыкталып, эксперттердин тыянагы боюнча, «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана аны ишке ашырууда мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилгени аныкталып, бир топ адамга кылмыш иши козголгон.

Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын баарына«Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Ал боюнча сот болуп келатат. Буга чейинки соттук отурумдарда прокурор мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиевди 11 жылга, Сапар Исаковду 15 жылга, “Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 17 жылга кесүүнү жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин ЖЭБ боюнча күнөөсү далилденбегинин айтып, ден соолугун жана өз ыктыяры менен бирдиктүү эсепке 100 миллион сом которгонун эске алууну судьядан суранган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: