Menu

Марипа Алыйкулова, “Элет көйгөйү” коомунун жетекчиси: “Рита Карасартова кызматынан кетсин, ал чет өлкөнүн агенти»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-декабрда, “АКИпрессте” “Элет көйгөйү” коомунун мүчөлөрү жаңы эле кызматка келген Рита Карасартова тууралуу журналисттерге жыйын өткөрдү.

Аталган коомдун жетекчиси Марипа Алыйкулованын айтымында, Рита Карасартова ээлеген кызматына татыксыз, ал чет өлкөнүн агенти, андай адам балдарды окуутууга акысы жок. “Рита Карасартованын уяты болсо, өзү эле ээлеген ордун бошотуп, кызматтан кетиши керек!”,-дейт М.Алыйкулова.

Эске сала кетсек, кечээ, 3-декабрда Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалган. Ал кызматка кандайча, эмне болуп барып калганын бүгүн, 4-декабрда түшүндүргөн. Аны менен катар бүгүн ЖК депутаты Евгения Строкова парламентте Рита Карасартованын кызматка барганына нааразычылыгын билдирип, аны «бүлдүргүч, бузуку» деп атап, буйрукка кол койгон премьер-министр М.Абылгазиевди да сындаган. Е.Строковага жоопту Р.Карасартова дароо эле берген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: