Menu

Азамат Жаманкулов, маданият министри: «Мира Жангарачева жөнүндө сөз болгон жок, ал жерде…”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-декабрда, Маданият, маалымат жана туризм министрлигин басма сөз кызматы Мира Жангараечанын кайрадан ээлеген кызматына келээр-келбеси боюнча маалымат таратты.

Алардын айтымында, маданият министрлиги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги кызматкерлердин арызын карап чыгат. Ал жерде Мира Жангарачеванын кайрадан кызматка келиши тууралуу сөз жок экендигин баса белгилешти.

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган, иш-чара 17 күнгө созулмак. Ага баргандар жылаңач денесин көрсөткөн кыздарды көрүп шок болгон. Ошондой эле кир кыпчыткыч менен ич кийимдерди кыпчып илип, анда: “Аборт кылуу менин укугум” жана башка дагы коомчулукка, өзгөчө жаштарга терс таасирин бере турган сөздөр жазылганын окуп, ооздору ачылган. Кыргыздын менталитетине туура келбеген жат көрүнүшкө каршы акция бүгүн (2-декабрда) болуп өттү. Уюштуруучу активист жаран Мелис Аспеков ушуга жол берген маданият министри Азамат Жаманкуловду элдин алдында кечирим сурашын талап кылды. Акциянын талабы менен феминнале убактылуу токтотулуп, Г.Айтиев атындагы музейдин жетекчиси Мира Жангарачева ээлеген кызматынан бошотулган. Кечээ, 3-декабрда, маданият министри А.Жаманкулов жат көрүнүшү жок феминнале улана турганын айткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: