Menu

Төрөкан Жунусбеков, активист жаран: “Мира Жангарачева “мракобесттер”, Роза Отунбаева “айылдан келген мырктар”,-десе, депутат Никитенко Жогорку Кеңеште “маргиналдар”,-деди. Келгиле, Европанын ыплас жолуна башына салгандарды чогуу, бирге ордуна коелу!”

Бөлүшүү:

Активист жаран Төрөкан Жунусбеков өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына видеодо сүйлөгөн сөзүн жайгаштырды. Анда ал төмөнкүлөрдү айткан:

Тилибизди, дилибизди, үрп-адатыбызды, маданиятыбызды түп тамырына балта чаба турган адамдар чыкты. Мисалы, Мира Жангарачева “мракобесттер”, -десе, Роза Отунбаева “айылдан келген мырктар”,-деп, депутат Никитенко Жогорку Кеңеште “маргиналдар”,-деди. Булар Батыштын, Европа, Американын ыплас саясатын жүргүзүп, биздин үрп-адатыбызды талкалоого жол ачууда. Буларды колдогон бир топ аттуу-баштуу адамдар бар. Феликс Кулов: “Кайрадан кызмат ордуна Мира Жангарачеваны алып келиш керек”,- деп жатат. Роза Отунбаева: “булар жапайылар, айылдыктар”,- деп айтканда, залда кол чаап Өмүрбек Текебаев отурду. Ал эми депутат Чыныбай Турсунбеков болсо, “илгери төө чечмей” деген салт болгон”,-деди. “Төө чечмей” деген ал илгерки байлардын кыздардын ар-намысын тебелеген оюн-зоогу болгон. Андайларды билип калган ата-бабабыз, аны токтотуп, салтыбызды калыбына алып келип, андай ыплас көрүнүштөн куткарган. Кыргыздын тилин, динин, тарыхын бурмалап, Европанын ыплас жолуна башына салгандарды чогуу, бирге ордуна коелу, туугандар!”,-деген оюн айткан Т.Жунусбеков.

Эске сала кетсек, кечээ, 3-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин «Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу» аттуу китебинин бет ачарынын ачылыш аземи Бишкек шаарындагы “Дамас” отелинде болуп өткөн. Ошондо Роза Отунбаева сөз сүйлөп жатып, “айылдыктар, маданиятыңарды көтөргүлө!“,-деген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: