Menu

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстандын ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине шайлануусу — эл аралык аренада руханий мурастарды жайылтуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк

Бөлүшүү:

Кыргызстандын ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине шайлануусу — эл аралык аренада руханий мурастарды жайылтуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда, «Манас» жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясында чыгармачыл интеллегенциянын өкүлдөрү менен жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан тарыхта биринчи жолу 2019-жылдын ноябрында ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине шайланганын эске салды. Бул кеңешке шайлангандан кийин Айкөл Манастын жана Чыңгыз Айтматовдун мурастарын эл аралык деңгээлде жайылтууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтты.

Бул мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн бардык күч-аракеттер жумшаларын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине шайлануусу Кыргызстан үчүн тышкы саясаттагы чоң жеңиш экенин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: