– Чыныбай Акунович, Бишкек арак заводунун мыйзамсыз менчиктештирилгендиги боюнча ызы-чуу эмне менен бүттү?
– Билбейм. Текшерип атышса керек.
– Сиз эчтеке билбейсизби?
– Мага тийешеси жок болсо, эмнени билмек элем?
-ЖМКларда сизге байланыштырып атышпайбы.
– Эми ЖМКларга, активисттерге башкалар кызыктуу эмес да. Бизге окшогондор кызыктуу.
– Бул журналисттердин эле чыгарганы дейсизби?
– Эми алардын аркасында бирөөлөр турса керек. Айталбайм, ким турганын.
– Өзүңүзчө ойлонуп көрдүңүзбү, бул эмнеге байланынггуу?
– Ойлонуп эле атам. Бирок, колдон кармап алган факт жок. Бирок, бул чуру-чуунун артында бирөө турганы байкалып эле турат. Бул бир эле эмес, бир нече жолу текшерилген иш. Күч органдары тарабынан да, оппозиция тарабынан да. Ошого карабай чуру-чуу кылып аткандарына караганда, бута – менмин.
– Мурдагы президенттин командасында болгонуңуз үчүн эмеспи?
– Мен эч бир командада эмесмин. Ха-ха-ха. Мен эркин гражданинмин…
Керим Мурас
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ