Menu

Саудия умрага барган 14 өзбек жаранын депортациялады

Бөлүшүү:

Сауд Арабиясы кичи ажылык үчүн келген өзбекстандык 14 жаранды мекенине депортациялады.

Маалыматка караганда, 26-ноябрда Анжияндагы турфирмалардын бири Жиддага өзбекстандык 14 жарандын визасын жөнөткөн. Алардын баары жасалма экени аныкталган.

Саудия чек ара кызматы билдиргендей, зыяратчылардын визалары жокко чыгарылып, жарандар мекенине депортацияланды.

Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитети Жиддадагы башкы консулдук жана «Өзбек авиалинияларынын» өкүлдөрү кырдаалды жөнгө салуу үчүн тиешелүү чараларды көргөнүн маалымдады. 27-ноябрда 14 жаран Жидда-Ташкент каттамы аркылуу Өзбекстанга келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: