Кыргызстандыктар жаңы жылда 7 күн эс алат. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Өкмөт жаңы жылдык эс алуу күндөрүн аныктоо боюнча сунушун министрлик менен мекемелерге жөнөткөн. 2-3-6-январь иш күнү болгондуктан, бул күндөрдү дем алыш күнү 24-февралда, 9-мартта, 23-мартта иштөөгө туура келет. (23-февраль, 8-март, 21-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, кийинки күндөр дем алыш деп жарыяланат).
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ