Menu

Садыр Жапаровдун тарапташтары тынчтык митингине чыгышат

Бөлүшүү:

Бул тууралуу алар 5-декабрда басма сөз жыйынында билдиришти. Тарапташтары Жаза аткаруу кызматы менен өлкө президентинен мунапыс берүү маселесин создуктурбоого чакырышты. Экс-депутат Каныбек Осмоналиев Садыр Жапаров ар дайым Кумтөр маселесин көтөрүп келгенин белгиледи.

“Мурдагы бийлик андан кадимкидей коркуп, камакка алып, 11,6 жылга эркинен ажыратты. Ошондон улам мамлекет башчысына суроо туулат: анын өлкө тагдыры үчүн күйүп-бышканын билип туруп, эмнеге С.Жапаровдун мунапысы создуктурулуп келет? Ошол эле учурда кандай кишилер мунапыс менен чыгып жатканын көрүп жатабыз. Ал эми чыныгы патриотту чыгарбай жатабыз”, – деди ал.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров президентке кайрылып, ырайым сураган. Бирок президент алдындагы ырайым берүү комиссиясы өтүнүчтү документтердин жетишсиздигине шылтап, кайра Жаза аткаруу мамкызматка жиберген.

Садыр Жапаровдун тарапташтары дале анын бошотулушу боюнча кол топтоп келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: