Menu

Чүй районунда 5-класстын окуучусу үйүндөгү сарайдан асынып өмүрүн кыйды

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрь күнү болжол менен саат 17:03 чамаларында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө телефон чалуу болуп, жаш өспүрүм үйүндөгү сарайдын ичинен өз өмүрүн кыйганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Чүй облусунун РИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Окуя болгон жерге РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү учурунда ал 2008-жылы туулган К.Н. экендиги маалым болуп, денесине кароо жүргүзүү учурунда моюнунда жиптин изинен башка жаракаттар аныкталган эмес.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Анын алкагында каза болгон өспүрүм Чүй районунундагы орто мектептердин биринде 5-класстын окуучусу болгону жана жетиштүү үй-бүлөдө чоңойгону маалым болгон. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: