Menu

Руслан Казакбаев, ЖКнын депутаты: “ТИМ шайлоого даярдыкты азыртан баштаганы жөндүү”

Бөлүшүү:

– Руслан Айтбаевич, алдыда парламенттик шайлоо келатат. Бул жолу чет жерде жүргөн миңдеген жарандарыбыздын шайлоого катышуусу кандай болот? Алар өздөрүнүн жарандык укуктарын пайдалана алышабы, же буга чейин болуп келгендей, көбү бул өнөктүктөн сыртта калышабы?

– Эми президенттик шайлоодо да, парламенттик шайлоодо да сыртта жүргөн эмгек мигранттарыбыз өздөрүнүн добуш берүү укугун колдонбой калышы жылдан-жылга, шайлоодон-шайлоого айтылып келатат. Алардын биздин элчиликтерде, консулдук пункттарда гана добуш берүүсүнө уруксат берилип атпайбы. Эл аралык укукка ылайык, элчиликтер менен консулдуктардын имараты Кыргызстандын аймагы болуп саналат да. Ошон үчун көп мамлекеттерде уруксат берилип жатат. Бирок, бул аздык кылат. Россияда болжол менен 500-700 миң, Казакстанда 150-200 миң жараныбыз жүрөт. Ошондукган, жарандык активисттер, саясатчылар, кыргыз мигранттары көп жашаган шаарларда дагы шайлоо участогун ачуу боюнча маселени көтөрүп жатышат. Буга аракет кылып көрсө болот. Бул үчүн ошол мамлекеттердин бийлигинин уруксаты керек. Ошондуктан, миграция комитети, тышкы иштер министрлиги азыртан эле иштей баштоого тийиш.

– Бул ишти элчиликке эле жүктөп койгон туура болобу? Башка багыттар боюнча да иштеш керек го?

– Сөзсүз да. Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр, тышкы иштер министри өзүнүн расмий кездешүүлөрүндө ушул маселени көтөрсө болот.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: