Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине жаңы директор болуп Айгүл Мамбетказиева дайындалды. Бул тууралуу 5-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койгон.
Мамбетказиева Айгүл Токтобековна 1955-жылы туулган. КМУнун тарых факультетин 1978-жылы аяктаган. Кесиби – тарыхчы. Өзүнүн эмгек жолун Г.Айтиев атындагы сүрөт музейде баштаган. 1978-80-жылдары – экскурсовод, 1980-86-жылдары – декоративдик-прикладдык искусство бөлүмүнүн илимий кызматкери. 1986-жылдан бери музейдин башкы сактоочусу. Буга чейин музей директорунун орун басары да болуп келген. Музей иши боюнча республикалык деңгээлдеги эксперт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ