Menu

Чеченстан Кадыров атындагы алтын медалдарды даярдоого 4,6 млн. рубль коротот

Бөлүшүү:

Чеченстанда бийлик республиканын биринчи президенти Ахмат Кадыровдун атындагы 20 орден менен медаль сатып алуу үчүн 4,6 миллион рубль бөлдү.

“МБХ медиа” басылмасы мамлекеттик сатып алуулар порталына таянып, медалдар алтын жана баалуу таштар менен жасаларын билдирди.

“Чечен Республикасынын биринчи президенти, Ахмат-Ажы Кадыровдун элесине” аталышындагы 10 медаль 750-пробадагы алтын менен жасалат. Анын бир бетине Кадыровдун сүрөтү, экинчи бетине: “Патриоттуулук сөз менен эмес, иш менен далилденет” деген сөзү жазылат. Медалдын колодкасына 54 зымырыт, 18 бриллиант жана 36 рубин төшөлөт.

Кадыровдун 10 ордени дагы 750-пробадагы алтын менен жасалып, 58 грамм салмакта болот. Ордендин бетине Ахмат Кадыровдун сүрөтү, артына: “Өз элинин уулу” жана “Ал жеңилбеген бойдон кетти” деген жазуу түшүрүлөт. Бул да баалуу таштар менен кооздолот.

Орден менен медалдар 31-декабрга чейин даяр болушу керек.

Ахмат Кадыровдун ордени – Чеченстандагы эң жогорку сыйлык, 2004-жылдан бери ыйгарылып келет. Бул орден менен Москванын мурдагы мэри Юрий Лужков, Росгвардиянын башчысы Виктор Золотов жана Ахмат Кадыровдун уулу, Чеченстандын азыркы башчысы Рамзан Кадыров сыйланган. Ахмат Кадыровдун медалы 2016-жылдан бери тапшырылып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: