Menu

18 жаштагы жигитти өлтүргөн эки кыз кармалды

Бөлүшүү:

Жалал-Абаддагы өспүрүмдөрдүн урушу 18 жаштагы баланын өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу ОИИББнин басма сөз кызматы бүгүн, 5-декабрда билдирди.

Алардын маалыматына караганда, бул кандуу окуя Жалал-Абад шаарында болгон. 9-ноябрда ооруканага бычактан жаракат алган 18 жаштагы бала келип түшкөн. Ага эки саат операция жасалгандан кийин, ал өзүнө келе албай каза болгон. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, каза болгон жигиттин өздүгү такталып, ал 2001-жылы туулган Сузак районунун жашоочусу болгону аныкталган. Бул кандуу окуяга шектүү катары 19 жана 17 жаштагы кыз кармалган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: