Menu

Кашкар Жунушалиев, ИИМ министри: «Феминнале каттоого алынып, Мира Жангарачеваны «коркутуу болду» деген арыз боюнча тергөө жүрүп жатат»

Бөлүшүү:

Феминнале боюнча материалдарды ИИМ каттоого алды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда, Жогорку Кеңештин жыйынында ИИМ министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Анда ал: “Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Мира Жангарачевага болгон коркутуу жана музейде уюштурулган феминнале боюнча материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү жүрүп жатат. Бул факт Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды”,-деди министр К.Жунушалиев.

Депутат Курманкул Зулушев эртең менен парламентте сөз сүйлөп, бир жумадан бери сөз болуп жаткан музейдеги феминнале тууралуу айтып, ага ИИМ органдары кандай баа берээрине кызыккан.

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган иш-чара 17 күнгө созулмак. Ал 2-декабрда Маданият министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен убактылуу токтотулган жана аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулган. Ал иш-чарадагы жат көрүнүштөргө каршы акцияны 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында уюштурган. Аларды министр кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин билдирип, бул боюнча жумушчу топ түзүлүп, музей текшерилээрин жана убактылуу токтотулаарын билдирген. 3-декабрда министр Азамат Жаманкулов жат көрүнүшү жок феминнале улана турганын билдирген. Ага чейин ал тууралуу Роза Отунбаева оюн айткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: