Бишкекте машинада баратып тапанчадан асманга ок аткан адамды милиция издеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда ШИИБнин басма сөз катчысы билдирди.
Анын айтымында, машинада баратып, терезеден тапанчадан асманга ок аткан айдоочу изделип, окуянын чоо-жайы териштирилип жатат.
Эске сала кетсек, бүгүн, 5-декабрда “Ала Арча” соода үйүнүн жанында ак түстөгү машинанын айдоочусу терезеден тапанчадан асманга ок аткан видео социалдык тармактарга тараган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ