Жарым жыл мурда Москвада дайынсыз жоголгон кыргызстандык аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, 36 жаштагы кыз ноябрдын аягында арыз менен Кыргызстандын Орусиядагы ИИМ өкүлчүлүгүнө кайрылып, апрелден бери дайынсыз кеткен апасын таап берүүнү суранган. Ошол арыздын негизинде жоголгон аял изделип, жыйынтыгында, анын сөөгү табылган. Ал Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун 57 жаштагы тургуну, дүкөндөрдүн биринде тазалык кызматкери болуп иштегени маалым болгон. Териштирүү маалында, 28-мартта Москванын Бирюлево районунда белгисиз аялдын сөөгү табылып, кийин өлүкканадан алынып, мамлекеттин эсебинин көмүлгөнү аныкталган. Анын денесинен эч кандай зомбулуктун изи табылган эмес. Маркумдун туугандарына “Жүк-200дү” жөнөтүү жана эксгумациялоо үчүн керектүү документтер берилген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ