Menu

Видео – Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо тармагына санариптештирүү процессин киргизүүнүн принциптери менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-декабрда, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатрия борборуна жана Бишкек шаарындагы Тез жардам борборуна барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук фтизиатрия борборунда лабораториянын башчысы Гүлмира Калманбетова санариптештирүү процессин кургак учукту диагноз кылган тез молекулярдык тесттер жүргүзүлчү референс-лабораторияларга киргизүү жөнүндө айтып берди.

Ал биологиялык материалдарды ташуунун жаңы системасы ишке ашырылып, анын жардамы менен аймактагы бейтаптар өздөрү Улуттук кургак учук борборуна какырык үлгүсүн алып келбей тургандыгын маалымдады. Аларды жеткирүү Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы фельдъегерлик кызматтын жардамы менен ишке ашырылат.

Бул нерсе диагноз коюуну алда канча тездетип, башкаларга жугузуп алуу коркунучун азайтып, калктын убактысын жана чыгымдарын бир топ үнөмдөөгө мүмкүндүк бергенин белгиледи. Көрсөтүлгөн жогорку технологиялуу диагноздоо ыкмасы жарандарга акысыз көрсөтүлөт.

Улуттук фтизиатрия борборунун директору Болот Майканаев белгилегендей, санариптештирүү процессинин алкагында кара учукка каршы кызматынын маалыматтык системасы башка мамлекеттик электрондук системалар (МКК, Соцфонд, ММКФ, Саламаттык сактоо министрлиги) менен «Түндүк» ЭВӨС аркылуу интеграцияланган.

Заманбап иштеп чыгууларды пайдалануу менен маалыматтарды реалдуу мезгилде алмашуунун натыйжасында кургак учукка каршы кызматтын бирдиктүү борборлоштурулган башкаруу системасы жана бардык маалыматтардын жана программалардын мониторинги түзүлгөн. Ошондой эле кургак учук менен ооруган бейтаптардын оорусун жазган лаборатордук маалыматтык система менен интегралдашкан электрондук медициналык система киргизилип, кургак учук менен ооруган бейтаптар дары-дармектер менен толук камсыздалууга жетишкен.

Болот Майканаев заманбап маалыматтык технологияларды кургак учукка каршы кызматтын ишине киргизүү менен ар бир бейтаптын медициналык жардам алуусунун бардык баскычтарына көз салып турууга жана зарыл учурда дарылоо процессине оперативдүү өзгөртүүлөрдү киргизип турууга мүмкүндүк берерин белгиледи. Жогоруда белгиленгендей, кургак учук менен ооруган бейтаптар өзгөчө аяр мамилени талап кылат. Санариптештирүүнү киргизүү менен бейтаптардын оорусун алдын алууга, натыйжалуу жана оперативдүү дарылоого жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы Тез жардам борборуна барып, тез жардам унааларын, Борбордун капиталдуу ремонт жасалган имаратын көрүп чыгып, санариптештирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен таанышты. ТЖБнун директору Искендер Шаяхметов тез жардам бригадаларынын ишин оптимизациялоо жана оперативдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жаңы автоматташтырылган башкаруу системасы ишке киргизилгенин маалымдады.

Чакыруу келип түшкөндө тез жардам бригадасынын жүргөн жерине онлайн-режимде байкоо жүргүзүлүп, ал дарекке эң жакын жана бош бригада жөнөтүлөт. Ошондой эле борбор калаадагы бардык тез жардам бригадаларынын кыймыл-аракети көрүнүп турат.

Искендер Шаяхметов бул долбоорду ишке ашыруу диспетчерлердин чакырууларды карап чыгуу мөөнөтүн кыскартып (чакырууну кабыл алуудан бригаданын жөнөп кетүүсүнө чейин), бригаданын жолдо жүрүү убактысын кыскартты. Булардын баары чакырылган жерге кечигип барууну төмөндөттү. Эгерде 2017-жылы 20 минуттан көп кечигүү менен барган учур 70% түзсө, 2019-жылдын 6 айында бул көрсөткүч 21%га кыскарган.

Бул системаны киргизүүдө чет өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбалары изилденгенин кошумчалады. Система биринчи кезекте, медициналык тез жардамдын кечигип келүүсүнөн улам болгон өлүм жана оор кесепеттер менен аяктаган учурларды төмөндөтүүгө багытталган. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Дастан Догоев мамлекеттик органдарга, анын ичинде медицина тармагына электрондук мамлекеттик кызматты жана санариптик кызмат көрсөтүүнү киргизүү боюнча маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков санариптештирүү процессин медицина тармагында өлкөнүн региондорунда да тездетүүнүн маанисин өзгөчө белгиледи, анткени жарандардын жашоосуна жана ден соолугуна түздөн-түз таасир берип, калкка натыйжалуу медициналык кызмат көрсөтүүгө, бейтаптардын жана дарыгерлердин убактысын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле медициналык тейлөөнү автоматташтыруу медицинадагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюп, көмүскө төлөмдөрдү мыйзамдаштырат жана тармактын жалпысынан тазалыгын жогорулатат.

Сооронбай Жээнбеков санариптештирүүнүн алкагында дарыгерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатууга көңүл бурду.

Мамлекет башчысы медициналык мекемелердин жамааттарына ыраазычылык билдирди. Калкка медициналык жардам көрсөтүү, адамдардын өмүрүн куткаруу эң мыкты кесип экенин өзгөчө белгилеп, кургак учукка каршы кызматтын жана тез жардам станцияларынын  жумушчуларына айлык акыларды жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү каралып жатканын кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: