Menu

Машинада кыздын төшүн кармаган Мамлекеттик каттоонун башчысыбы?

Бөлүшүү:

01KG578ASD мамлекеттик номур менен жүргөн бир нече машинанын сүрөтү социалдык тармактарда тарап, ал сүрөттөрдүн биринде эркек киши аялдын төшүн кармап жатканы бар. “Ал машина Мамлекеттик каттоонун башчысы Алмаз Мамбетовдуку, сүрөттө ошол”,- деп да жазгандар болду. Ошондон улам, бүгүн, 5-декабрда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Алардын маалыматында: «2019-жылдын 1-декабрында саат 16:28де мамлекеттик номуру 01 578 ASD болгон ак түстөгү “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу жол эрежесин бузгандыгы «Коопсуз шаар» долбоорунун камерасына катталган. Бирок, ал Алмаз Мамбетов эмес. Себеби, жетекчибиз ал күнү, ошол саатта (1-декабрда саат 16:00 чамасында) Арча-Бешик конушундагы досунун үйүндө конокто болгон. Анын ал жерде болгонун жанындагылар тастыктап бере алат. Ошол учурда А.Мамбетов жол эрежеси бузулган аймакта (Ибраимов көчөсү) болуп калуусу мүмкүн эмес. Мындан сырткары, 01 578 AСD мамлекеттик номуру катталган машиналарга анын тиешеси жок. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси иш күндөрү кызматтык «Тойота Камрини», ал эми дем алыш күндөрү өзүнүн машанисын колдонот», – деп жазылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: