Menu

Экс-премьер-министрлер экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди колдоп, кайрылуу таратышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-декабрда мурдагы премьер-министрлер (Апас Жумагулов, Турсунбек Чынгышев, Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, Кубанычбек Жумалиев, Игорь Чудинов, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев) Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча айыпталып жаткан экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевди колдоп, кайрылуу таратышты.

Анда Жантөрө Сатыбалдиевди 11 жылга соттоо боюнча прокурордун өтүнүчү туура эмес экени айтылып, иштин материалдарында анын мыйзам бузган бир да аракети аныкталбаганы жөнүндө жазылган. Экс-премьерлер тергөө жана сот органдарын ишти обьективдүү кароого чакырып, күнөөсүз адам соттолуп кетиши мүмкүн экенин баса белгилеп, эскертишкен.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Ошондон улам, териштирүү болуп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени ачыкталып, эксперттердин тыянагы боюнча, «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана аны ишке ашырууда мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилгени аныкталып, бир топ адамга кылмыш иши козголгон.

Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын баарына«Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Ал боюнча сот болуп келатат. Буга чейинки соттук отурумдарда прокурор мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиевди 11 жылга, Сапар Исаковду 15 жылга, “Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 17 жылга кесүүнү жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин ЖЭБ боюнча күнөөсү далилденбегинин айтып, ден соолугун жана өз ыктыяры менен бирдиктүү эсепке 100 миллион сом которгонун эске алууну судьядан суранган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: