Menu

Кыргыз паспорту базардагы товарга айландыбы?

Бөлүшүү:

Россиянын шаарларында кыргыз паспорту ачыктан ачык сатылып жатат. Анын кардарлары коңшу өлкөлөрдүн жарандары. Мындай маалыматты депутат Аида Касымалиева парламент жыйынында жарыялады.

Айтымында Россияда кыргызстандык эмес мигранттар кармалган учурда полицияга кыргыз паспортун көрсөтүшөт, баарынан кызыгы, ал паспорттор жасалма эмес, чыныгы болуп чыгат. Көп паспорттор Сузак районунан берилгенине депутат басым жасады. Ал белгилегендей текшерүүдө ПИН дагы тастыкталган.

“Демек жасалма эмес чыныгы улуттук паспортторубуз мыйзамсыз берилип жатат”, – деди депутат.

А бирок Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов паспорт мыйзамга ылайык гана берилет деген көз карашты карманды. Айтымында учурда паспортту башка жол менен алуу такыр мүмкүн эмес. Анткени документ арыз берүүчүнүн биометрикалык маалыматтары алынгандан кийин гана берилет.

Жетекчи башка өлкөнүн жарандарына берилип кеткен улуттук паспорттордун учугу 25 жыл мурунку окуяда жатканын эске салды.

“1994-жылы улуттук паспорттордун жаңы үлгүсү киргизилген. Жалпысынан 3 миллион документ жасалган. Ошол учурда ИИМдин паспорттук столунан 100-200 миң документ уурдалган. Кыязы, ошол уурдалган документтерди жаңы паспортко алмаштырышкан окшойт”,- деген Алмаз Мамбетов паспорт чыры ошондогу окуяга байланыштуу чыгып жатканын белгиледи.

Айтор азыркылар деле улуттук паспортубузду пирожкидей сатып, “шабашка” жасоонун кыныгын алып калган окшойт…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: