Menu

Депутат Мамкаттоонун башчысын жоопкерчиликке тартууга чакырды

Бөлүшүү:

Депутат Марлен Маматалиев Мамкаттоонун башчысы Алмаз Мамбетовго окшош кишинин жалган 578 АСD деген номуру бар автоунаа менен жүргөн сүрөтү боюнча өз пикирин айтты.

Депутаттын пикиринде, Мамкаттоонун төрагасын кызматтан гана албастан, жоопкерчиликке тартыш керек. “Коопсуз шаар” долбоору туура киргизилген. Ошонун натыйжасында жол эрежелери сакталып, айдоочулар этиканы сактап калды. Аткаминерлер айып пулдан кача албай калышкан.

“Мурда кандай эле: МАИ кызматкери жөнөкөй айдоочуну токтотуп, шылтоо таап, акчасын алып койчу. Бирок жалган номур пайдалануу уланып келет. Эң жаман жери – аны пайдалангандар жоопкерчиликке тартылбай жатат. Бирок мыйзамды одоно бузуп, механизмдин телегейи тегиз болбой, суудан кургак чыгып кетип жатышат. Элестеткиле, жалган номурга жалган техпаспорту да бар, мындай учурда автоунаанын чыныгы ээсин табуу мүмкүн эмес”, – деди Марлен Маматалиев.

Ал тергөө тыкыр текшерилсе, автоунаа рулунда Мамкаттоонун башчысы олтурганы аныкталып, нааразы болгондор четтен чыга баштарын айтты.

“Бул автоунааларга номур бере турган мекеме. Аны кызматтан гана кетирбей, жоопкерчиликке тартыш керек. Биз аткаминерлерге кызматын пайдаланууга жол бербешибиз абзел. Депутаттар комиссия түзүп, “Коопсуз шаар” долбоору кантип иштеп жатканын териштирели, айткан отчетторуна ишенип олтура бербей”, – деп депутат баса белгиледи.

Ал эми Мамкаттоонун башчысы Алмаз Мамбетов мекеме аралык комиссия түзүп, чындыгында сүрөттөгү айдоочу ким экенин аныктоону жана сүрөттү интернетке жайган ким экенин билиш керектигин демилге кылууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: