Өзбекстанда Самарканд облусунун башкы архитектору Бобир Элмурадов бюджеттик акчаны негизсиз короткон деген шек менен кармалып, тергөө аяктаганга чейин күрөөгө бошотулду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдиришти.
Маалыматка караганда, аткаминер «Саид» кичи районундагы үйлөрү түрттүрүлгөн 26 тургунга компенсация катары 7 миллиард сумду (735 миң доллар) негизсиз бөлүп берген деп айыпталууда.
Элмурадов облустун башкы архитектору кызматына быйыл март айында дайындалган. Ага чейин Самарканд облусунун башчысынын орун басары болуп иштеген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ