Menu

Роза Исаковна, сизге айылдыктар бийликти алып бергенде гана керекпи?..

Бөлүшүү:

Кыргызды түндүк-түштүк кылып бөлгүсү келген саясатчыларды артка таштап, эми айылдык-шаардык кылып бөлүү мезгили келген окшойт. Бул пикир Кыргызстанды бир жарым жыл башкарган, расмий түрдө элдин добушу менен шайланбаган өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын оозунан чыккан ириген сөздөн кийин чыгып жатат. Урматтуу Роза Исаковна, сиздин “Биз силердин деңгээлиңерге түшүп, артка кете албайбыз… Айылдыктар кичине ойлонгула. Өзүңөрдүн маданиятыңарды көтөргүлө! Бүгүң “современный искусство” деген бар…” деген сөзүңүзгө айылдык жигит катары жооп жазып олтурам. Саясаттагы санаалашыңыз, үзөңгүлөшүңүз айтылуу “Бульдозер” Азимбек Бекназаров досу Алмазбек Атамбаевге “Унчукпай койгонго укугум жок” деп жазгандай, сиздин элди экиге бөлүп, айылдыктарды заманбап маданиятты түшүнбөгөн деңгээли төмөн деген сөзүңүзгө, унчукпай, баш ийкеп олтуруунун өзү чоң күнөө.

Сиздин тушүнүгүңүз боюнча маданиятты шаардыктар гана түшүнүп, айылдыктар тезек терип жүрүптүр да. Дүйнөнү дүңгүрөтуп, биз деген көчмөн кыргыз элибиз, “Көчмөндөр цивилизациясы” бизден тараган деп ааламга кыйкырык таштап жатабыз. Улуу дөөлөт, каада-салт, үрп-адат, кыргыз маданиятынын очогу болгон көчмөн маданиятын шаардыктар сактап келдиби же сиз жаман көргөн айылдыктарбы?

“Современный искусство” деп дырдай жылаңач кыздарды эл аралатып төргө катындын түрсүгүн илип алып, көргөзмө өткөргөн жерге ысымы берилген, СССРдин Эл сүрөтчүсү, Социалисттик эмгектин баатыры Гапар Айтиев дагы Төлөйкөн деген айылда төрөлгөн.- Аялдын жан жерин сүрөткө тартып, келгендерге мактануу менен көрсөткөн, сиз мактаган көргөзмө өткөн жер, кыргыз маданиятынын көзгө басары болуп саналып, СССРдин Эл артисти,“Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” деген баага татыган, Чоң-Таш деген айылда төрөлүп өскөн Сүймөнкул Чокморовдун эмгектери илинген баасы америкалыктардын бүтүндөй акчасын жыйнап келсе да сатылбай турган куттуу жай. Сиз ушул Гапар Айтиев менен Сүймөнкул Чокморов дагы айылдыктар, маданий деңгээли төмөндөр, азыр тирүү болгондо дагы “современный искусствону” түшүнүшмөк эмес, алардын маданий деңгээлинен азыркы маданият кыргыз эли үчүн жогору деп баалайсызбы? Же атайлап, эки улуу адамдын маданий мурастары турган жерге, кыргызга жат маданий көргөзмөнү уюштурдуңарбы?

Айылдыктарды жылаңач маданиятты түшүнбөгөн “мырк” деп эсептеп, өзүңүздүн маданий деңгээлиңиз канчалык экенин көрсөттүңүз. Кыргыз эли деп канчалык күйөөрүңүздү дагы далилдеп бердиңиз. Анык жүзүңүздү кыргыз эли эми даана көрдү. Жүзүңүздү ачып бергениңиз үчүн сизге чоң рахмат! Мындан кийин сиздин ким экениңизди билип жүрөбүз.

Ааламга аты чыккан, кыргызды чыгармалары менен тааныткан даанышман, ойчул, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов айылда төрөлүп, чоңоюп, андан кийин шаарга келип, кийин атагы алыска кеткен белгилүү инсанга айланды. Жылаңач маданиятыңыз же “современный искусствону” түшүнгөн сиздин маданиятыңыз Чыңгыз Айтматовдун маданиятынан жогорубу? Кыздарды жылаңач чыгарып, жарым-жартылай жылаңач болгон кызга ичеги арттырып коюп, кыргызга улуу иш жасап жаткандай жылмайып жүрдүңүз. Кыргыздын кыз-келини качан ичегини жарым жылаңач болуп артчу эле? Качан кыргыз катындын түрсүгүн төргө илгенин көрдүңүз? Бул сиз үчүн нормалдуу эле көрүнүш, заманбап маданиятпы? Жаштарга акыл айтчу байбиче жашына келип калганыңызда, ириген сөздү сүйлөбөй, өзүңүз алектенип жүргөн атактуу инсандардын китептерин которууну уланта берсеңиз жакшы болмок.

Роза Исаковна, сиз заманбап искусство деп кыргызга жаңылык катары киргизип жаткан маданиятты кыргыз эли тээ илгери эле басып өтүп койгон. Кыргызда “Төө чечмей” деген оюн болгон. Муну өзүңүз деле билсеңиз керек. Бул оюнду байлыгына чиренген бай-манаптар, “современный” тил менен айтканда олигарх-башкаруучулар той өткөргөндө шакаба чегүү үчүн өткөрүшкөн. Эки көзү байгеге толтурулган куржун артылган төөнү ортодогу казыкка байлап, байгени утам деген жылаңач аял төөнү тиш менен чечип кетсе утуш аныкы болгон. Төөнү жылаңач аялга чечкенге мүмкүндүк бербеш үчүн “айгыр” эркек да жылаңач чыгып, “айгырлык” ишин элдин көзүнчө жасап койсо, утуш аныкы деп эсептелген. Кыргыз бул оюнду каада-салтка, маданиятка туура келбейт деп эчак токтоткон. Эл башкарган Курманжан Датка энебиз айтылуу Жаныбек казынын Өзгөндөгү тоюнда “Төө чечмей” деген оюнду бир эле сөзү менен токтотуп койгон дешет. Сиз дагы эл башкарып калган аялсыз. Музейдин ичинде жылаңач чыккан кыздарды көргөндө, үстүңүздөгү кара пальтоңузду чече коюп, үстүнө жаап, дагы бирине башыңыздагы сары шляпаңызды жан жериңди жаап ал деп кармата салып, “Айланайындар, бул оюнуңарды токтоткула! Океандын ары жагында күнү-түнү ойной берсеңер болот. Кыргыздын кутун учурбагыла, азыр жыйыштыргыла!” деп айтсаңыз жарашмак. Антип айтмак түгүл, заманбап маданият, нормалдуу эле көрүнүш, болгону айылдыктар маданий деңгээлиңерди көтөргүлө деп накта маданиятсыз кишинин сөзүн сүйлөгөнүңүзгө жол болсун.

Эл башкарган адамдын оозунан мындай сөз чыкпайт. Айылдыктар маданий деңгээлиңерди көтөргүлө, силердин деңгээлиңерге түшүп артка кетпейбиз деген сөздү айтууга сизде моралдык укук дагы жок. Сизди ушул деңгээлге алып чыккан шаардыктар эмес, айылдыктар экенин унутпаңыз.

1992-жылдан баштап мамлекеттик кызматтарда иштеп, айылдыктар төлөгөн салыктын эсебинен айлык алып жашап келдиңиз. 2005-жылы биринчи революцияда түштүктө шаардыктар эмес, айылдыктар сизди колдоп турганын эсиңизден чыгардыңызбы? Ошол жылы Ошто Анвар Артыков экөөңөрдү 19-марттан 20-мартка караган түнү кармап кетип камаганда, Жалал-Абадда айылдыктар чогулуп келип, облустук администрацияны басып алып, облустук бийликти кулатканы тууралуу маалымат баардык жакка тарап, Анвар Артыков экөөңөрдү ошол күнү кечке маал камалып жаткан жериңерден чыгарганын кантип унутасыз? “Эл Жалал-Абадды басып албаганда, биз түрмөдө чирип кетмекпиз” деп элди башкарган адамдын колун өпкөнүңүздү да эстен чыгардыңызбы? Же сизге айылдыктар ошондой кыйын учурда өмүрүңүздү сактап калыш үчүн, же бийликке алып келип олтургузуу үчүн гана керекпи?

2007-жылы КСДПдан депутат болуппарламентке келип олтурдуңуз. Ал партияга да сизди алып барган Эдил Байсалов дагы айылдык кара тору жигит. Ошол айылдык жигиттин эмгеги менен КСДПга мүчө болуп, депутаттык мандат тагынгансыз. Айылдык жигиттер сиз үчүн кандай жумуш аткарганын ушул мисалдан эле билип жүргөнүңүз оң болсо керек.

2010-жылы кайсыл шаардык маданияттуу адамыңыз ок атылган кандуу аянтка келди? Өзүңүз баш болуп карааныңызды көрсөтпөй, качып жүрбөдүңүзбү. Сизге бийликти алып берем деп айылдык азаматтардын өмүрү кыйылды. Жок дегенде ошолордун арбагын сыйлап, айылдыктар деңгээлиңер төмөн дегенди оозуңузга албай койсоңуз жарашмак. Айылдык азаматтар өмүрүн тобокелчиликке салып, атылган окко бет маңдай чыгып, бийликти сизге алып бергенде айылдыктар азамат, эр жүрөк, өнүгүүгө кадам таштагандар дагы, сиздин маданиятсыз иш чараны колдогонуңузга сын айтса, айылдыктардын деңгээли төмөн болуп калабы? Эгер, өлкөнүн өнүгүшү үчүн өз өмүрүн тобокелге салган азаматтар азыр тирүү болгондо, “Ишенген адамыбыз сиз болсоңуз…” деп бетиңизге түкүрмөк. Айылдыктарды ушундай эле жактырбай жатсаңыз,“Мен айылдыктар төлөгөн салыктын эсебинен пенсия албайм, бекер үйдө жашабайм, бекер унаа колдонбойм, жан сакчынын дагы кереги жок” деп кол шилтебейсизби баарына. Кыргызда “Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан дарт жаман” деп коёт. Сиз бүгүн өзүбүздөн чыккан жат болуп, өзөктөн чыккан дартка айланып олтурасыз.

Тээ илгери кайран Союз жашап турган мезгилде жазма акын Тоголок Молдонун юбилейине арналган иш чара азыркы Т. Сатылганов атындаты филармонияда өтүп, ага бир эле кыргыздын маданий кызматкерлери эмес, коңшу өлкөлөрдөн дагы коноктор келген. Өзбекстандан келген акын сөз кезеги келгенде сүйлөп жатып, Тоголок Молдонун акындык дараметине кыргыз тоосу менен айылдын таасирин айтып келип “Акын кишлогдан чикоди. Шахордан акын чикмайди. Тоголок Молдо машу Фрунзеде тугилган буса, акын бомас эди… ” деп айткан экен. Эгер өзбекчени жакшы түшүнбөсөңүз тааныш адам бар эмеспи, сурасаңыз так которуп, кенен түшүндүрүп берээр. Ошол өзбек акындын шаарда маданияттын уругу жок деген сөзү сиздин айткандарыңыздын баарына таамай жооп болуп берет.

Андыктан, шаардыктар маданияттуу, айылдыктар маданияттан артта калган деп мактанардан мурун, өткөн-кеткенге, басып өткөн жолго жакшылап көңүл буруп алган оң болоор.

Роза Исаковна, сиз кыргыз элинин, кыргыз маданиятынын алдында катуу жаңылыштык жасадыңыз. Бул кылыгыңыз “Отунбаеванын маданияты” деп улам-улам айтылып, сакталып калат. Атыңыз өчпөйт. Кандай максатта экенин өзүңүз да түшүнүп жатсаңыз керек.

Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: