Menu

Телеканалдар жеңилдиктерден ажырайт

Бөлүшүү:

Жаңы жылдан тарта телеканалдар мыйзамды толук сактабаса, мамлекет чара көрө баштай турганы кабарланды.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 2020-жылдан баштап Кыргызстанда “Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө” мыйзамдагы жеңилдиктердин мөөнөтү аягына чыгарын эскертти. Анын негизинде мыйзамды толук сактабаган телеканалдарга карата санкциялар колдонула баштайт.

Өз кезегинде өлкөдөгү медиа каналдар мамлекет тарабынан толук кандуу шарттар түзүлө электигин атайын өткөн тегерек стол талкуусунда айтышты.

Монополияны жөнгө салуу агенттиги өлкөдөгү телеканалдарга алгачкы эскертүүлөрдү бере баштады. Аталган агенттиктин өкүлү Улан Ташматов “Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө” мыйзамды сактабаганы үчүн учурда беш телеканалга чара көрүлүшү мүмкүн экенин айтты.

– Биз Маданият министрлигинен мониторингдин жыйынтыктарын алдык. Анын негизинде “Оva TV”. “1 ТVKG”, “7 канал”, “НБТ” жана дагы бир каналдан “Жарнама жөнүндө” мыйзам бузууну байкадык. Анын негизинде биз учурда бул мыйзам бузуу боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. Бул каналдар көркөм тасма учурунда автордон уруксат албай жарнаманы чыгарышкан.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 2020-жылдан баштап жоопкерчиликке тартыла турган теле-радио каналдардын саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин билдирди. Анткени жаңы жылдан тарта мыйзамда берилген жеңилдиктердин мөөнөтү да аяктамакчы.

Министрликтин Маалымат департаментинин жетекчисинин орун басары Салкын Сарногоева теле-радио берүүлөрдүн 50 пайызы кыргыз тилинде чыгып, эфирдин жарымы каналдын өз продукциясы болушу керек экенин айтты:

– Азыр көпчүлүк каналдар мыйзамды сактоого аракет жасай баштаганы кубандырат. Ошол эле учурда айрым телеканалдар бул мыйзамды аткарган жок. Биздин департамент мыйзамды сактабаган каналдарга 23 миң сом айып сала алат. Ошол эле учурда Финансы полициясы, Башкы прокуратура, Монополияны жөнгө салуу агенттиги тийиштүү чараларды колдоно турганын айтышым керек.

Кыскасы, Жаңы жылдан тартып телеканалдар жок дегенде 50% кыргызча сүйлөп, өздөрүнүн продукциясын көрсөтүүгө тийиш. Бул талаптар аткарылбаса, лицензиясынан ажырайт.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: