Жогорку Нарын ГЭСин курууда кеткен чыгымды текшерүүгө “Русгидро” каршы болууда. Бул тууралуу 6-сентябрда “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров айтып чыкты.
“Компания сотко кайрылды. Биз кеткен чыгымды төлөп берүүгө даярбыз, бирок чыгымдарды эсептейли деп жатабыз. Алар буга каршы болуп, 37 млн долларды гана талап кылышууда”, – деди А.Назаров.
Эскерте кетсек, 2012-жылы Жогорку Нарын ГЭСин жана Кабар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча “Русгидро” менен келишим түзүлгөн. Бирок 2015-жылы Атамбаевдин амири менен Кыргызстан өзү бул келишимди жокко чыгарган. 2016-жылы Атамбаев документтерге кол коюп, “Орус Федерациясы милдеттерин аткара албайт экен” деген.
Ал эми 2019-жылы Москва Кыргызстанда ГЭС курууга даяр экенин билдирип, өз шарттарын койгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ