Menu

Түкүрүккө 5 миң сом айып, а ак калпакка келгенде тескери ушаткандарды кандай түшүнөбүз?

Бөлүшүү:

Дили бузуктар кыргыздын баалуулуктарын, анын ичинде ак калпагын итке кийгизип шылдыңдаганын көргөндө жүрөгүбүз тилинип, өлбөгөн гана төрт шыйрагыбыз калган. Коомчулук уу-дуу болгону менен ошол маалда өкмөт тарабынан тийиштүү кадамдар шилтенбей, кыргыздын төбөсүнө жугунду төккөн, келеке кылган шумпайлар жазасыз кутулуп кеткен. Кудайдын кулагы сүйүнсүн дегендей, эки депутат улуттук баш кийимди маданий баалуулук катары сактоо жана кеңири жайылтуу максатын да «Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгыптыр. Демилгечилер мыйзамга калпакты мазактагандарга айып салууну дагы камтып, улуттук баш кийимди мазактаган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул салууну, бузуулар кодексине киргизүүнү сунуштаптыр. Кызыгы, кыргыздын калпагын даңазалаган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, маданият, билим беруү, илим жана саламаттык сактоо боюнча комитети колдогону менен өкмөт тескери ушатып, «мыйзам долбоору Конституциянын 18-беренесине кайчы келип, жарандардын укуктарынын чектелишине өбөлгө түзөт»-деп, каршы корутунду берди. Бул эмне деген акмакчылык? Түкүрүккө 5 миң сом айып пул салганда, калпакты итке кийгизгенде, турсийге «аборт кылдырганга укугум бар» деп жаздырып кыздар жылаңач басканда Конституция иштебейт да, калпакка келгенде кайчы келип калганы кызык экен. Айланайындар, кыргызга жасаган кыянатчылыгыңарды качан токтотосуңар?

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: