Бүгүн, 6-декабрда Мамлекеттик каттоо кызматы «Kaktus media» агенттиги алардын жетекчиси менен орун басарынан кечирим сурашы тууралуу расмий билдирүү таратты.
Алардын билдирүүсүнө таянсак, алар Мамкаттоонун жетекчиси Алмаз Мамбетовдон жана анын орун басары Айнура Туйбаевадан “Kaktus media” агенттигин кечирим сурап, алар жөнүндө чыккан маалыматты төгүндөп, сайтка жарыялоону талап кылышкан. Болбосо, жетекчилиги сотко берүүсү ыктымал. Ошондой эле жетекчилик Интернетте тараган сүрөттөрдүн чын-төгүнүн жана аны жайылтуу максатын аныкташ үчүн мекеме аралык комиссия түзүп, териштиргени жатканын кошумчалаган.
Эске сала кетсек, кечээ, 5-декабрда Мамкаттоо Интернетте тараган маалыматты төгүндөгөн маалымат тараткан. Дал ушул күнү Жогорку Кеңеште аталган мекеменин жетекчисинин жасалма номурларга тиешеси бар-жогун текшерүү маселеси да көтөрүлгөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ