6-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБи боюнча сот отурумунда С.Исаковго, Ж,Сатыбалдиевге, О.Лавровага, О.Артыкбаевге, А.Калиевге, С.Авазовго, Ж.Назаровго, Т.Бримкуловго карата кылмыш ишин кароо улантылды.
Бардык айыпталуучулар жарыш сөзгө чыккандан кийин, сот кеңешме бөлүмгө кирип кетти. Кайра чыгып, өкүмдү айтышы керек болот. Бирок иш көлөмдүү болгондуктан, бир топ саатка созулуп кетиши мүмкүн.
Сот залынын алдында айыпталуучулардын туугандары, тарапташтары, жактоочулары, журналисттер котолоп утрушат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ