Menu

ЖЭБ боюнча күнөөлүүлөр соттолду. Жантөрө Сатыбалдиев 7 жарым жылга, Сапар Исаков 15 жылга кесилди

Бөлүшүү:

Кечээ, 6-декабрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин боюнча соттук отурум болуп, судья Инара Гилязетдинованын жетекчилигинин алдында өттү. Айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, кечке маал соттун өкүмү чыкты.

Сот экс-премьер-министр Сапар Исаков «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев экөө 15 жылга, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге 7 жыл 6 айга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга эркинен ажыратты. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып пул салынды.

Судья «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов да күнөөлүү деп тапканы менен 2 жыл 6 айлык абак жазасын чектеп, тергөө абагында отурган убакытты эске алуу менен аларды сот залынан бошотту.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Ошондон улам, териштирүү болуп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени ачыкталып, эксперттердин тыянагы боюнча, «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана аны ишке ашырууда мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилгени аныкталып, бир топ адамга кылмыш иши козголгон.

Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын баарына«Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Ал боюнча сот болуп келатат. Буга чейинки соттук отурумдарда прокурор мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиевди 11 жылга, Сапар Исаковду 15 жылга, “Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 17 жылга кесүүнү жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин ЖЭБ боюнча күнөөсү далилденбегинин айтып, ден соолугун жана өз ыктыяры менен бирдиктүү эсепке 100 миллион сом которгонун эске алууну судьядан суранган.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: