Ош шаарындагы үйлөрдүн бирине ууру кирип, үй ээсин коркутуп, бычак такап акчасын алып кеткен бала кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, окуя 26-ноябрда, түнкү саат 03:00 чамасында болгон. Ош шаарындагы үйлөрдүн бирине терезеси аркылуу ууру кирген, анын жанында бычагы болгон. Ал үй ээси (1987-жылы туулган) К.Аны уктап жаткан жеринен бычак такап, коркутуп, анын 25 миң сомдук зер буюмдарын, 10 миң сом акчасын алып, качып кеткен. Бул окуя боюнча үй ээси арыз менен милицияга кайрылган. Ага шектелип Ош шаарынын 1989-жылы туулган тургуну К.А. аттуу бала кармалган. Ага карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берененин 2-3- бөлүмүнүн (каракчылык) негизинде айып тагылып, эки айга камакка алынган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ