Menu

Видео – Мелис Аспеков, активист жаран: “Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовду кызматтан алууну талап кылабыз, болбосо митингге чыгабыз!”

Бөлүшүү:

Активист жаран Мелис Аспеков Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовду кызматынан алуу талабын видео аркылуу билдирди. Анда ал премьер-министр Мухамбеткалый Абылгазиевге орус тилинде кайрылып, А.Мамбетовго катуу чара көрүп, кызматынан алуу талабын койгон ВИДЕОсун өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырды.

Анда ал премьер-министрге: “Урматтуу Мухамбеткалый Дүйшекеевич, социалдык тармактарда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов менен анын орун басары Айнура Туйбаева экөөнүн сүрөтү тарап жатат. Кечирип койгула, ал сүрөттө Алмаз Мамбетов орун басарынын төшүнө колун тийгизип жатат. Мейли ал өз иштери, бири-бирине кол тийгизип жүрө берсин. Мен “служебный роман” жөнүндө айтайын деген жокмун, менин айтайын дегеним башка. Бирин эле мамлекеттик номер беш машинада жүрөт. Бул деген өзүнүн кызматынан пайдалануу дегендик, аны токтотуу керек. Экинчи күнгө чейин ушул талапты чечип бериңиз, болбосо митингге чыгабыз!”,-деп кайрылып, эскертип, талабынын мөөнөтүн да койгон.

Эске сала кетсек,  5-декабрда Мамкаттоо Интернетте тараган маалыматты төгүндөгөн билдирүү тараткан. Дал ушул күнү Жогорку Кеңеште аталган мекеменин жетекчисинин жасалма номурларга тиешеси бар-жогун текшерүү маселеси да көтөрүлгөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: