Menu

Видео – Кожобек Рыспаев, ЖКнын депутаты: “Укук коргоо органдарынын жашоо-шарты жакшыртылмайынча контрабанда же коррупция токтобойт”

Бөлүшүү:

Шейшемби, 5-декабрь күнү Жогорку Кеңеште “Кылмыштуулук менен күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын аткарган иши тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралган.

Жыйын жүрүшүндө «Контрабанда, коррупция менен күрөшүү үчүн укук коргоо органдарынын жашоо-шарты жакшыртылмайынча контрабанда же коррупция токтобойт»,- дейт депутат Кожобек Рыспаев. Мындай пикирди депутат Таабалды Тиллаев улады.

Депутат Мирлан Жээнчороев ИИМ алдындагы уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүчү башкармалыктын кызматкерлердин санын кыскартпоо керектигин баса белгиледи. Депутат Талант Мамытов ички иштер министрлигинин 8-15 миӊ сомдук маянасы натыйжалуу иштөөсүнө жетиштүүбү деген суроону коюп, мамлекет тарабынан үй менен камсыздоо сыяктуу стимул берүүчү иш-аракеттер болушу керектигин белгиледи.

Депутат Зиядин Жамалдинов Кытайдан кирген товарлар боюнча алардын маалыматы менен биздин Бажы кызматынын маалыматы дал келбей жатканын, кытай тарап тиешелүү маалыматтарды берүүгө даяр экенин айтып Өкмөттү бул маселеге дыкат мамиле кылууга чакырды.

Депутат Максат Сабиров Чек ара кызматынын офицери Талгат Алановдун бир топ посттор, бир топ кызматкерлер жана «Манас» аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү бекетинен акчалар кантип ташылып турганын айтышкандыгы үчүн кылмыш иши ачылып качып жүрүшкөндүгүн айтып чыгышкан чек ара кызматкерлери – майор Камчыбеков менен улук лейтенант Осмонбеков боюнча суроо салды. Башкы прокуратура өкүлдөрү тергөө амалдары жүрүп жаткандыктан, маалыматты жазуу жүзүндө бермей болушту.

Депутат Карамат Орозова чек аралардын делимитациялоонун бүтпөй жатышы контарбандагандага кедергисин тийгизип жатканын тактады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: