Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Шабданбеков Тимур Маратович башка кызматка өткөнүнө байланыштуу КР УКМК төрагасынын орун басары — КР УКМКнын 9-кызматынын начальниги кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт.
Президенттин башка буйругу менен Эркинбаев Санжарбек Нуралиевичке Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын начальнигинин милдетин аткаруу жүктөлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ