Menu

Океандын ары жагындагылардын “ырын” ырдаган Отунбаева

Бөлүшүү:

Жалпы элдин добушу менен ажо болбосо дагы экс-президент макамын алып жүргөн Роза Отунбаева батыштын «парасатсыз» саясатын колдоп, элдин таландысында калды. Шаарга толуп алган айылдыктар, «мыркынбай» менен «мыркалар» искусство дегенди түшүнмөк беле дегендей сөздөрү менен элди кадимкидей иренжитти. Ыя, айланайын дырдай чечинип алып ары-бери басуу, турсий-майкаларга жазуу жазып илүү кантип искусство болсун?! Биздин элдин түшүнүгү, каада-салты ошондой эле үрп-адаты менен жашоо образы таптакыр башка эмеспи. Биздин кан-жаныбызга сиңген улуттук баалуулуктарды тебелеп-тепсегендердин таламын талашкан Отунбаева бизди таң калтырып туру. Бул киши кантип президент болду экен, бир учурда ушул киши бизди башкардыбы деп түшүнө албай дендароо болсок, кыска мөөнөткө президент болгонуна кубанып атабыз. Эгерде 6 жыл башкарганда биздин улуттук баалуулуктарыбызды түп-тамыры менен эле өрттөп туруп, күлүн көккө сапырып жибермек окшойт…

Кыргыздын кыздары качан эле чечинип алып «өнөр» көргөзчү эле? Качан эле турсий-майкага сүрөт тартып илип алып «маданиятты» даңазалачу элс? Ич кийимге сүрөт тартып илмек түгүл, жуулган ич кийимин көргөзбөй жайчу эмес беле? Дырдай жылаңачтанмак түгүл, кайната, кайнага дегендердин бетине тике карачу эмес. Айтор, улуттун уңгусуна доо кетирген экс-президенттин жоругу жолдо калсын, өзү айткан «искусствосу» өзүнө эле буюрсун…

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: