Menu

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: “Зомбулуктун бардык түрү – бул оор кылмыш. Биз мындай көрүнүшкө каршыбыз”

Бөлүшүү:

Биз зордук-зомбулуктун бардык түрүнө каршыбыз. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында өткөн «Биз – муун теңдик үчүн»  кайрымдуулук жарышында мындай ураанды колдоого  чакырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Биз баарыбыз зордук-зомбулуктун бардык түрү – бул кылмыш экенин түшүнүүбүз керек. Ошондуктан мен жарандарды кылмыштын мындай түрүнө биргелешип аракеттенүүгө чакырам. Үй-бүлөдөгү жана гендердик зордук-зомбулукка коомчулук жол бербей турганын көрсөтүү, биздин жарандарга зомбулуктун бардык түрү тууралуу түшүнүк жана маалымат берүү керек. Ар бирибиз сүйүү, ынтымак жана теңдик бар үй-бүлөдө гана ийгиликтер болорун билишибиз керек.  Үлгүлүү үй-бүлө – бул ийгиликтүү жана динамикалуу түрдо өнүгүп жаткан мамлекет», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Алтынай Өмүрбекова бүткүл дүйнө жүзүндө өтүп жаткан «зомбулукка каршы 16 күн» акциясы аялдарга жана кыздарга карата жасалган зордук-зомбулукту түп тамырынан жок кылуу боюнча шарттарда өкмөттү, коомчулукту, башынан зордук-зомбулукту өткөргөндөрдү, активисттерди жана коомчулукту бириктирерин кошумчалады.

«Биз үчүн зомбулукка каршы күрөшүү актуалдуу маселелерден болуп саналат. Ушул жылдын он айында эле  үй-бүлөдөгү зомбулуктун 5185 учуру катталды, республиканын ички иштер органдары тарабынан бардык фактылар боюнча коргоо ордери берилген. Эрте никеге туруу, иш ордунда сексуалдык ыдык көрсөтүү, эмгек жана сексуалдык эксплуатациялоо максатында аялдарды сатуу фактылары да болууда. «Ала качуу» мыйзам боюнча кылмыш деп саналат, бирок укук коргоо органдары жана эл буга кош көңүл мамиле кылганы өкүндүрөт. Тилекке каршы, кайсыл «жаман», кайсыл «жакшы» экенин бардыгы биле бербейт. Биз кыйынчылыктарга карабастан, элдин аң-сезимин жакшы жагына өзгөртүү үчүн бардык чараларды кабыл алуудабыз», – деп белгиледи вице-премьер-министр.

Кыргыз Республикасы аялдарды басмырлоого каршы күрөшүү боюнча ар кандай Конвенциялардын катышуучусу катары, КМШ аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп, «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» мыйзам кабыл алган.

«Мындан тышкары 2020-жылдарга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиясы мамлекеттик гендердик саясаттын артыкчылыктарын аныктайт. Биз баарыбыз үй-бүлөдөгү зомбулук кооптуу жана адам чыдагыс көрүнүш экенин түшүнүшүбүз керек.  Аны менен тиешелүү мамлекеттик органдар гана эмес, жергеликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана барынан биринчи коомчулук өзү күрөшүүсү керек. Бүгүнкү акция зомбулуктун бардык түрүнө каршы күрөшүүгө ачык мисал болушу шарт. Бул күрөштө биргелешкен аракет менен гана маанилүү жыйынтыктарга жетише алабыз», – деп Алтынай Өмүрбекова сөзүн жыйынтыктады.

Маалымдама: Адам укуктарынын Эл аралык күнүнө карата 10-декабрга чейин өтө турган «зордук-зомбулуксуз 16 күн» акциясы өтүүдө. Ал 25-ноябрда башталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: