Menu

Жөнөкөй учукту үй шартында кантип айыктырууга болот?

Бөлүшүү:

Кээде жаш балдардын ички органдары, нерв системасы жабыркайт. Мында оорулуу баланын денеси ото ысып, жалпы абалы начарлайт. 7-10 күн өткөндө ыйлаакчалар карттанып, андан кийин түшөт. Айрым учурда түшкөн карттын ордуна кайрадан ыйлаакчалар пайда болот. Курчалма учукту суу чечектин вирусу пайда кылат. Адатта чоң кишилер ооруйт. 10 жашка чейинки балдар дээрлик оорубайт.

Учук — вирустар пайда кылуучу оору, териге, былжыр челге ыйлаакчалар топтошуп чыгат. Оорунун булагы – оорулуу, вирус алып жүрүүчү адам. Ал сыркоолуу адам менен бирге болгондо жугат. Оорунун пайда болушуна катуу үшүп калуу, организмдин начарлашы, витаминдин жетишсиздиги жана башкалар түрткү берет. Ал жөнөкөй жана курчалма учук болуп айырмаланат.

Жөнөкөй учук эринге, мурундун таноосуна, ооз көңдөйү (Стоматит) менен көздүн былжыр челине (Конъюнктивит), жыныс органдарына тунук суюктук толгон ыйлаакча түрүндө топтошуп чыгат. Ал жер кычышып, тызылдайт, кээде адам чыйрыгат. Айрыкча балдарга учук чыкканда ичи өтөт.

Жөнөкөй учукту үй шартында кантип айыктырууга болот?

Эринге чыгуучу жөнөкөй вирустук учуктун биринчи түрүнүн чыгуу себептерин көп учурда суук тийүүдөн деп айтабыз. Учуктун бул түрү физикалык байланыштан же адам менен өбүшкөндөн улам чыгат. Ошондой эле учуктун чыгуусуна түрдүү факторлор себеп болот. Мисалы, жогорку температура, инфекциялар, стресс, күнгө күйүү же азыктардан болгон аллергия да уктап жаткан вирустарлы ойготуп, натыйжада учук чыгуусуна алып келет. Вирустук учук адамдын организмине кабылса жашоосунун аягына чейин калат. Улам учук чыгып сизди беймаза кылган шартта үйүңүздөгү эле каражаттар айыктырууга жардам берет.

Вазелин

Эринге учук чыкканда көпчүлүк аны макияждын жардамы менен жашырам деп жаңылыштык кетирет. Андан көрө эриниңиздин учук чыккан жерине өтө көп эмес вазелин сүйкөп коюңуз. Ал жараатыңызды бактерия кирүүдөн сактап, айыгышын тездетет. Ошондой эле күндүн нуру териңиздин жараатына зыян алып келбөөсү үчүн эшикке чыгарда күндөн коргоочу каражаттарды колдонуңуз.

Мазь

Ар түрдүү маздар дагы эриндеги учуктун айыгышын тездетет. Ошондой эле эшикте шамал болгондо же кургак климатта жашасаңыз, мазды сүйкөп алсаңыз коргоочу болуп берет. Эгерде үйүңүздө Ацикловир мазы болсо эң сонун, бул мазь учукту айыктырууда натыйжалуу. Анын таблеткасын да ичсеңиз оолот.

Кара чай

Эриниңизге чыккан учукка кайнак сууга малынган баштыктагы кара чайды бир канча мүнөт басып туруңуз. Бул компресс ооруганын басып, айыктырат.

Сарымсак

Сарымсак көптөгөн вирустарды жана инфекцияларды айыктырган табигый антибиотик экенин баарыбыз билебиз. Учукка да дарылардын бири. Бир тишче сарымсакты экиге бөлүп, бир бөлүгүн жараатка басыңыз.

Сүт

Сүттүн курамындагы лизин заты эриндеги жараатты айыктырууну тездетет. Андыктан сүттүн жардамы менен учуктан оңой кутуласыз. Тегерек кебезди сүткө малып эриниңизге коюңуз.

Помидор жана алоэ

Эриниңизге бир нече мүнөт помидордун этин коюңуз, андан кийин алоэнин сабагынын ички тарабын бассаңыз, учуктан арылууга жардам берет. Өзгөчө алоэ өтө пайдалуу. Бул өсүмдүк жараатты кургатып, айыктыруусун тездетет. .

Бал жана уксус

Уксус менен бал вируска каршы каражаттар болгондуктан, эринге чыккан жагымсыз учукту айыктырууда жардамы зор. Бир аш кашык балга бир аз уксус кошуп, ага тегерек кебезди малып эринге коюңуз.

Алдын алуу

Вирустук учук активдүү формага өтүп кетсе, башкаларга да жугат. Андыктан жеке гигиенаңызга көңүл буруңуз. Башка адамдардын тиш жуугуч щётка, эрин боёгуч, сүлгү сыяктуу жеке буюмдарын колдонбоңуз жана өзүңүздүкүн башкалардын колдонуусуна жол бербеңиз. Ал буюмдар вирусту жугузуучу болуп эсептелет. Оозуңузга учук чыккан шартта жаңы сүлгү колдонуңуз. Ошондой эле ашканадагы идиштерди да таза жууп туруңуз.

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: