Жалал-Абад облусунун калкынын жашоо-шартын жакшыртуу жана экономикасын өнүктүрүү максатта 1,9 миллион сомдук грант берилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” (Жалал-Абад облусунун калкынын жашоосун жакшыртууга багытталган) программасынын алкагында конкурс жарыяланган, анда 8 долбоор жактырылган. Аны Европа биримдиги менен Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлиги каржылайт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ