Германияда киши өлтүрүүгө шектелген адамдын Кыргызстан менен байланышы аныкталганы тууралуу “Bellingcat”, “Der Spiegel” жана орусиялык “The Insider” сайттары жазып чыкты.
Аталган сайттардын иликтөөсүндө, Германияда Вадим Соколов деген паспорт менен кармалган адамдын өз аты-жөнү Вадим Красиков болуп чыккан. Ага 2007-жылы Карелиядагы Костомукша шаарында киши колдуу болгон ишкер Юрий Козловдун өлүмүнө шектелип издөө жарыяланып, кийин ал маалымат Интерполдун жана Орусиянын базаларынан өчүрүлгөн. Ошондон кийин ал Вадим Соколов болуп атын өзгөртүп, жаңы паспорт алган. Красиковдун Кыргызстанга келгени аныкталган, ал алгач 2011-жылы келсе, кийин 2017-жылдын 31-августунда Бишкекке учуп келип, беш күн жүрүптүр. Ушундай башаламандыктын, паспорттордун кылмышкерлерге жасалып берилишинин баары Атамбаев президент болуп турган учурда болгону кашкайган чындык.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ