Казань — Оренбург — Акбулак жолунун жол кырсыгынан төрт киши каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Казань — Оренбург — Акбулак жолунун 86-чакырымындагы эки машинанын кагылышынан төрт киши көз жумуп, төртөө ооруканага жеткирилген. Каза болгон кыргызстандыктар: 1990, 1984, 1995 жана 1998-жылы туулган кыргызстандыктар, ооруканага жеткирилгендер: 1991, 1987 жана 1988-жылы туулган жаштар.
Эскерте кетсек, кечээ, 8-декабрда, эртең менен Оренбург-Акбулак жолунун кесилишинде кыргызстандыктардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ