Menu

Сокулук РИИБнин башчысы Чойбеков кызматынан четтетилди

Бөлүшүү:

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда болгон жол кырсыгы фактысы боюнча Сокулук РИИБнин жетекчиси ээлеген кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы  бүгүн, 9-декабрда билдирди.

Алардын маалыматына караганда, Сокулук РИИБнын жетекчиси Максат Чойбековдун катышуусундагы жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сотко чейинки өндүрүштүн материалын толук жана объективдүү иликтөө үчүн тиешелүү органга тапшырмалар берилген. Окуяны ИИМ жетекчилиги тыкыр көзөмөлгө алып, тергөө жүргүзүүдө.

Эске сала кетсек, 7-декабрда, милициянын полковниги Максат Чойбеков жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын кесепетинен кичиавтобустун айдоочусу жаракат алып, Кант шаарындагы ооруканага жеткирилген. Чойбековдун мас абалында болгон-болбогонун Ысык-Ата районунун тергөө органдары иликтээрин айтышкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: